Кто рано встаёт, тому бог даёт.

Текст: Менин иш күнүм.

Мой рабочий день.

 

Жаттагыла: 1) названия дней недели,

2) поговорить о времени суток,

3) рассказ о распорядке дня.

 

Грамматика: 1) наречие времени (мезгил тактооч)

2) настоящее простое время (жөнөкөй учур чак).

 

Жаңы сөздөр жана сөз айкаштар:


жумуш күн – рабочий день

бош күн – свободный день

дем алыш күн – выходной день

оор күн – тяжёлый день

төшөктү жыйноо – заправить постель

бөлмөнү желдетүү – проветрить комнату

ойгонуу – просыпаться

жуунуу – умываться

уктаганы жатуу – ложусь спать

машыгуу – упражнятся

эс алуу – отдыхать

катышуу – посещать

колум бош эмес – занят

мен … катышам – я занимаюсь…

такай эрте турам – всегда рано встаю

эртеден кечке бош эмесмин – занят с утра до вечера

эртең бошсуңбу? – ты завтра свободен?

эртең мененки тамак – завтрак

түшкү тамак – обед

кечки тамак – ужин

музыка угуу – слушать музыку

сабак окуу – заниматься

жолугу – встречаться

чыйрак – бодрый, крепкий


    СҮЙЛӨӨ ПРАКТИКАСЫ ПРАКТИКА РЕЧИ

 

– Сен эртең бошсуңбу? – Эртеден кечке чейин бош эмесмин. – Жумасына үч жолу бийге барам. – Мен такай саат 6 да турам. – Ты завтра свободен? – Я с утра до вечера занят. – В неделю три раза хожу на танцы. – Я всегда встаю в 6 утра.

 

1-көнүгүү: Диалогду окугула жана которгула (Прочитайте, переведите диалог):

1) – Дима, сен бош күндөрү эмне кыласың?

– Мен такай саат алтыда турам. Анан 20 мүнөт штанга көтөрөм.

– Тамашалап жатасыңбы?

– Жок, анан мен 30 мүнөт жүгүрөм.

– Чын эле, сен чыйрак көрүнөсүң!

– Анан жакшылап тамак ичем өзүңчү?

2) – Айша, эртең эмне кыласың?

– Эртең абдан оор күн. Кечке чейин иштерим көп. Түшкө чейин сабак, анданкийин жыйналыш, ал бүткөндөн кийин бийге барам, үйгө кечки саат 8де келем.

– Оо, колуң бошобойт турбайбы?

– Ооба. Мага жумушуң бар беле?

– Жок, жөн эле киного баралы дегем.

3) – Петя, салам! Иштер кандай?

– Рахмат, жакшы.

– Сен кайсы күнү бошсуң?

– Менин бош убакытым аз. Эртең менен 6 да турам, тамактанам, университетке жөнөйм, түшкө чейин окуйм.

– Кап, мен сени конокко чакырайын дедим эле.

– Рахмат. Башка күнү.

  ГРАММАТИКА     УБАКЫТТЫ БИЛДИРҮҮЧҮ ТАКТООЧТОР МЕЗГИЛ ТАКТООЧТОР НАРЕЧИЯ ВРЕМЕНИ    

 

Наречия времени обозначают время действия и отвечают на вопросы:

«Качан?» –Когда?

«Кайсы убакытта?» –В какое время?

 

4:00– 8:00 эртең менен – утром

8:00– 12:00 түшкө чейин – до обеда

12:00– 14:00 түштө – в обед

14:00 – 17:00 түштөн кийин – после обеда

17:00– 20:00 кечинде – вечером

20:00– 24:00 түндө – ночью

 

Мисалдар: Мен эртең менен ойгоном – Я просыпаюсь утром.

Мен түшкө чейин иштейм – Я работаю до обеда.

Түштө мен тамактанам – В обед я обедаю.

Түштөн кийин мен окуйм – После обеда я учусь.

Күндүз китепканада болом – Днём я бываю в библиотеке.

Кечинде мен эс алам – Вечером я отдыхаю.

Түндө мен уктайм – Ночью я сплю.

 

Жума – неделя

Дүйшөмбү – Понедельник

Шейшемби – Вторник

Шаршемби – Среда

Бейшемби – Четверг

Жума – Пятница

Ишемби – Суббота

Жекшемби – Воскресенье

 

 

СҮЙЛӨШҮҮ ПРАКТИКАСЫ ПРАКТИКА РЕЧИ  

 

2-көнүгүү: Жогорудагы мисалдарды карап, этиштерди кошкула (Используя следующие глаголы завершите предложения): чурка, ойгон, иште, оку, жаз, сууда сүзүү, укта, эс ал, чана теп

 

Эртең менен мен ___________________________

Түшкө чейин сен ___________________________

Түштө ал ___________________________

Түштөн кийин биз ___________________________

Кечинде сиз ___________________________

Түндө алар ___________________________

 

3-көнүгүү: Суроолорго сүрөт боюнча жооп бергиле (Ответьте на вопросы по картинке):

Үлгү: Сен канчада ойгоносуң?

Мен такай саат жетиде ойгоном.

1) Канча убакыт жуунасың?

2) Эртең менен канчада тамак ичесиң?

3) Саат канчада жумушка барасың?

4) Канча саат иштейсиң?

5) Кечки тамакка эмне сатып аласың?

6) Канча убакыт тамактанасың?

7) Кандайча эс аласың?

8) Саат канчада уктоого жатасың?

 

Ойгонуу жуунуу тамак ичүү

 

 

Жумушка баруу иштөө кечки тамакка … сатып алуу

 

 


Кечки тамак ичүү эс алуу уктоо

 


4-көнүгүү: Сүйлөмдөрдү окугула, которгула, мезгил тактоочтордун астын сызгыла (Прочитайте, переведите и подчеркните наречия времени):

1) Эртең менен ойгоном. Анан кичине машыгам. Түшкө чейин сабакта болом. Түштөн кийин китепканага барып, китеп окуйм. Кичине эс алам. Кечинде сейилдөөгө чыгам.

2) Дүйшөмбү мен үчүн абдан оор күн. Эртең менен кечке чейин эс албайм. Эртең менен беште турам. Саат алтыда маршруткага (троллейбуска) түшүп, жумушка барам. Жумуш кечки саат алтыда бүтөт. Анан саат жетиден тогузга чейин англис тил, …. окуйм. Бул күн мен үчүн абдан оор күн.

 

  ГРАММАТИКА     МЕЗГИЛ ТАКТООЧТОР НАРЕЧИЯ ВРЕМЕНИ    

 

Күнүгө – каждый день Жумасына бир жолу – два раза в неделю

Такай, дайыма – всегда Айыны эки жолу – два раза(дважды) в месяц

Тез-тез – часто Жылына беш жолу – пять раз в год

Көп – много

Мисалдар:

Сен канча машыгасың? – Сколько времени ты тренируешься?

Мен күнүгө спортзалга барам. – Я каждый день хожу в спортзал.

Мен жумасына бир жолу жүгүрөм. – В неделю раз я бегаю.

Мне айына эки жолу теннис ойнойм. – Дважды в месяц я играю втеннис.

Жылына үч жолу. – Три раза в год.

Мен көп/такай машыкпайм. – Я много/всегда не тренируюсь.

 

5-көнүгүү: Сүрөткө карата кашаанын ичинен сөздөрдү тандап жазгыла (Выберите правильные слова в скобках).

Спорттун түрлөрү – Виды спорта.

 

 


(велосипед тебүү, тоого чыгуу, волейбол ойноо, футбол ойноо, теннис ойноо, бейсбол ойноо, жүгүрүү)

 

6-көнүгүү: Мезгил тактоочторду колдонуп, төмөнкү спорт оюндарына канча жолу катышасыз айтып бериңиз (Используя наречия времени укажите сколько времени уйдет на данный вид спорта)

 

    МЕН   жумасына эки жолу бейсболго ____________________ футболго ____________________ волейболго ____________________ баскетболго ____________________ каратеге ____________________ аэробикага     КАТЫШАМ

7-көнүгүү:Суроолорго кашаанын ичиндеги сөздөрдү колдонуп жооп бергиле (Ответьте на вопросы):

– Сен эмнеге кызыгасың? – Чем ты занимаешься?

 

тогуз коргоолго

Мен оор атлетикага кызыгам

шашкиге

волейболго

 

 

– Сен бош убакытыңда эмне кыласың? – Что ты делаешь в свободное время?


тогуз коргоол

Мен футбол ойнойм

баскетбол

бокс

 

 

8-көнүгүү: Төмөнкү хоббилерди окугула жана өзүңөр эмнеге кызыгасыңар айтып бергиле (Прочитайте следующие виды хобби и расскажите каким видом из них вы увлекаетесь):

китеп окуу

марка чогултуу

тыйын чогулту

спортко катышу

волейбол ойноо

баскетбол ойноо

гүл өстүрүү

кийим тигүү

музыка угуу

компьютерде иштөө

 

    Келгиле сүйлөшөлү Давайте поговорим

9-көнүгүү: Төмөндөгү иштерге канча убакыт кетиресиңер жазгыла (Сколько времени вы тратите на следующие виды работ):

 

Баары бир күндүн ичинде (Всё в один день)
тамак даярдоо тамак ичүү үй жыйноо кир жуу ТВ көрүү досторума жолугуу китеп окуу спорт менен машыгуу эс алуу готовить еду кушать убирать дом стирать смотреть ТВ встречаться с друзьями читать книгу заниматься спортом отдыхать

 

10-көнүгүү: Көнүгүүнү жазгыла (аткаргыла) (Выполните упражнения):

а) Жумада оор күн, бош күнүң же жакшы көргөн күнүң жөнүндө жазып айтып бергиле:

б) Кезек менен окугула, бири-бириңерди сурооңорго жооп бергиле.

 

11-көнүгүү: Бири-бириңерге (эртең менен) эмне кыласыңар деп сурагыла жана жооп бергиле (Друг у друга спросите что вы будете делать завтра):


 

  ОН ЖЕТИНЧИ САБАК   СЕМНАДЦАТЫЙ УРОК  

 


Тема: Жыл мезгилдери жана аба-ырайы.

Времена года. Погода.

 

Жаттагыла: 1. Названия времён года.

2. Описание погоды.

3. Названия разных видов спорта.

 

Грамматика: 1. Убакытты билдирүүчү тактоочтор.

Мезгил тактоочтор

Наречия времени

 

Жаңы сөздөр жана сөз айкаштар:

 


жыл мезгил – время года

кыш – зима

жаз – весна

жай – лето

күз – осень

аба-ырайы – погода

кээ бир – некоторый

ошондуктан – поэтому

дайыма – всегда

суук – холодно

жылуу – тепло, тёплый

салкын – прохладно

ысык – жарко, жаркий

нымдуу – влажно, влажный

жаңыласың – ошибаешься

кооз – красиво, красивый

менимче – по-моему

менин оюмча – по-моему мнению

себеби – потому что

аба – воздух

бүт – заканчиваться

айлана-чөйрө – вокруг

кар – снег

жаан – дождь

мөндүр – град

шамал – ветер

чагылган – молния

жаан, кар жаайт – идёт дождь, снег

күн ачык – солнечно, ясно

күн тийип турат – светит солнце

күн бүркөк – пасмурно

шамал согуп жатат (болуп турат) – дует ветер

күнгө күй – загорать

лыжа теп – кататься на лыжах

коньки теп – кататься на коньках

сууда сүз – плавать

атка мин – ездить верхом на лошади

велосипед теп – кататься на велосипеде

муз тоңот – замерзает (лёд)

кар эрийт – тает снег

бактар бүрдөйт – деревья цветут

жалбырактар саргайт – листья желтеют


 

    СҮЙЛӨӨ ПРАКТИКАСЫ ПРАКТИКА РЕЧИ

 

– Айбек, сен лыжа тебе аласыңбы? – Ооба, мен лыжа тебе алам. – Жок, мен лыжа тебе албайм. – Айбек, ты умеешь кататься на лыжах? – Да, я умею кататься на лыжах. – Нет, я не умею кататься на лыжах.

 

1-көнүгүү:Окугула, которгула жана ушу сыяктуу диалог түзгүлө (Прочитайте, переведите и составьте диалог):

1) – Алексей, сага кайсы жыл мезгили жагат?

– Мага жаз жагат.

– Россияда жаз кандай болот?

– Кээ бир жерлерде жаз бат эле өтөт 1–2 эле ай, кээ бир жерлерде жаз 4–5 ай болот. Ошондуктан мага жаз көбүрөөк жагат.

2) – Наташа, кышында Казахстанда суук болобу?

– Менимче, суук эле болот.

– Сага кыш жагабы?

– Ооба, мага кыш жагат, себеби мен карды жакшы көрөм. Кышында лыжа, коньки тебе алам.

3) – Нурлан, Кыргызстанда аба-ырайы кандай болот?

– Кышында суук болот, жазында жылуу болот, жайында ысык, күзүндө салкынболот.

– Жайында сен кайда эс аласың?

– Мен көбүнчө Ысык-Көлдө эс алам. Ал жерде күнгө күйсөң, көлгө түшсөң болот.

– Анда жакшы. Мен дагы быйыл көлгө барам.

4) – Юля, сен лыжа тебе аласыңбы?

– Жок, мен лыжа тебе албайм. Бирок мен коньки тебе алам.

– Аида ушул ишембиде стадионго баралы. Макулбу?

– Мейли, баралы.


 

    ГРАММАТИКА     МЕЗГИЛ ТАКТООЧТОР НАРЕЧИЯ ВРЕМЕНИ    

 


бүрсүгүнү – послезавтра

эртең – завтра

кечээ – вчера

мурдагы күнү – позавчера

быйыл – в этом году

былтыр – в прошлом году

эмдиги жылы – в следующем году

эми – теперь, сейчас

жана эле – недавно

анан – потом, позже

ар качан – каждый раз

эртең менен – утром

түштө – в обед

күндүз – днём

кечинде – вечером

түндө – ночью

жазында – весной

жайында – летом

күзүндө – осенью

кышында – зимой


 

 

СҮЙЛӨШҮҮ ПРАКТИКАСЫ ПРАКТИКА РЕЧИ  

 

2-көнүгүү: Сүйлөмдөрдү окуп, тактоочторду таап, которгула (Прочитайте, найдите наречия и переведите):

1) Менин оюмча, бүрсүгүнү күн жаайт.

2) Эртең жайдын биринчи күнү.

3) Кечээ күн суук болчу, бүгүн күн жылуу.

4) Мурдагы күнү абанын температурасы 36 градуска жетти.

5) Буюрса, быйыл кыш жылуу болот.

6) Былтыр мен Ысык-Көлдө эс алгам, эмдиги жылы мен Жалал-Абадда эс алам.

7) Жумушту бүтүрдүң, эми эмне кыласың?

8) Жана мен сага келгем, жок экенсиң.

9) Анан сен мага келип кетчи.

10) Эртең менен мен институтка барышым керек, түштө же кечинде жолугалычы.

11) Түндө жаан жааптыр.

12) Жазында бардык ишканаларда ишембилик болот.

13) Жайында адамдар эс алышат.

14) Күзүндө окуу жайларда сабактар башталат, жашылча-жемиштер бышат.

15) Кышында айлана-чөйрө аппак.

 

3-көнүгүү: Тактоочторду туура таап жазгыла (Правильно найдите соответствующие наречия):

а) бүгүн послезавтра

эртең позавчера

мурдагы күнү сегодня

бүрсүгүнү завтра

б) быйыл в следующем году

эмдиги жылы в прошлом году

былтыр в этом году

в) эртең менен в обед

түштө днём

күндүз ночью

кечинде утром

түндө вечером

 

4-көнүгүү: Төмөнкү мезгил тактоочтор менен сүйлөм түзгүлө (Со следующими наречиями составьте предложения):

Эми, анан, жана, кечинде, түндө, күндүз, бүрсүгүнү, мурдагы күнү, кышында, жазында, ар качан.

 

5-көнүгүү: Төмөнкү суроолорго жооп бергиле (Ответьте на вопросы):

Үлгү: – Кышында аба-ырайы кандай болот?

– Кышында күн суук, кар жаайт, муз тоңот.

1) Жазында муз тоңобу?

2) Жайында күн ысык болобу же суук болобу?

3) Күзүндө эмнелер бышат?

4) Бүрсүгүнү сен эмне кыласың?

5) Эртең биз футбол ойнойбузбу?

6) Кечээ силер кайда бардыңар?

7) Мурдагы күнү кар жаадыбы?

 

  ГРАММАТИКА     ТАТААЛ ЭТИШТЕРДИН ЖАСАЛЫШЫ ОБРАЗОВАНИЕ СЛОЖНЫХ ГЛАГОЛОВ    

 

Основа глагола + «-й» (-а) + Ал + личный аффикс

 

После основы на гласный звук - й
После основы на согласны звук - а, - о, - е, -ө
    СҮЙЛӨӨ ПРАКТИКАСЫ ПРАКТИКА РЕЧИ

6-көнүгүү: Сүйлөмдөргө тиешелүү мүчөлөрдү улап жазгыла (Добавьте соответствующее окончание):

1) Мен тоого чык______.

2) Сиздер эмне ________?

3) Сен ырда________бы?

4) Ким кырызча жакшы сүйлө______?

5) Силер оку_______бы?

6) Биз кыргызча түшүн_______?

7) Алар бизге жардам бер_______бы?

8) Ал үйдү тап_______.

9) Сиз бүгүн кечинде мага кел______бы?

10) Сен мени күт_______бы?

 

 

7-көнүгүү: Сүйлөмдөрдү үлгүдөгүдөй бүтүргүлө (Завершите предложение по образцу):

Үлгү:Мен чурка____ _______. Мен чуркай алам.

1) Мен чана ____ _______.

2) Досуң лыжа теп____ _______бы?

3) Сиз сууда сүз____ _______бы?

4) Биз ат мин____ _______.

5) Сен велосипед теп____ _____бы?

6) Силер машина айда____ _____бы?

7) Сиздер гитара черт____ ______бы?

8) Алар бийле____ ______бы?

9) Мен тоого чык____ ______?

 

8-көнүгүү: Үлгү боюнча көнүгүүнү аткаргыла (Выполните по образцу):

Үлгү:Мен сууга секире алам .

 

Сууда сүз Хоккей ойноо Лыжа тебүү

 


 

 

9-көнүгүү: Сүрөттөрдү карагыла жана үлгү боюнча иштегиле (Выполните по образцу):

Үлгү:


→→→→→

 

– Кайрат сен лыжа тебе аласыңбы?

– Жок, мен лыжа тебе албайм, бирок мен теннис ойной алам.

 


→→→→→

 

 

 

 


→→→→→

 

 

10-көнүгүү: Текстти окугула жана которгула (Прочитайте и переведите текст):

Кыш

 

Кышында күн суук. Кар жаайт. Үйлөр, бактар, тоолор ак кийинет. Айлана-чөйрө аппак. Суулар тоңот. Балдар дөбөдөн чана, лыжа тебишет. Кишилер жылуу кийинишет: башта тумак, колдо мээлей, бутта чокой. Үйлөрдө меш жагышат. Жолдордо тайгалак болот. Күн кыскарат, түн узарат.

Cөздүк:

ак кийинет – одевают белую одежду айлана-чөйрө – вокруг

тоң – замерзать дөбө – горка

чокой – сапоги, валенки от жак – топить дом (дровами)

меш – печка

11-көнүгүү: Сүрөт боюнча суроолорго жооп бергиле (Ответьте на вопросы по картинке):

а) Бул кайсы мезгил.

б) Балдар эмне кылышат.

в) Элдер кандай кийинишет.

г) Айланада эмне жатат.

 

12-көнүгүү: Терс жана оң формада суроолорго жооп бергиле (Ответьте на вопросы в положительной и отрицательной форме):

Үлгү: Кышында күн суукпу? – Ооба, күн суук.

– Жок, күн суук эмес.

1) Кар жаайбы? – ______________

2) Суулар тоңобу? – ______________

3) Кишилер жылуу кийинеби? – ___________

4) Балдар чана, коньки, лыжа тебеби? – _______________

13-көнүгүү: Текстти окугула жана которгула (Прочитайте и переведите текст):

Жаз

Жазында күн жылып, кар эрийт. Күн узарат, түн кыскарат. Бактар бүрдөйт, гүлдөр чыгат. Балдар футбол ойношот. Кишилер жеңил кийине башташат. Айылда жазгы талаа иштери башталат. Дыйкандар жер айдашат. Канаттулар жылуу жактардан учуп келишет.

Сөздүк:


күн жылыйт – дни становятся теплыми

кар эрийт – тает снег

бактар бүрдөйт – деревья распускают почки

гүлдөр чыгат – вырастают цветы

жер айдашат – вспахивают землю

канаттулар – птицы


 

14-көнүгүү: Сүрөт боюнча суроолорго жооп бергиле (Ответьте на вопросы по картинке):


а) Бул кайсы мезгил?

б) Жазында күн жана түн кандай болот?

в) Талаада эмне башталды?

г) Дыйкандар эмне кылып жатышат?

д) Куштар кайдан учуп келишти?

 

 

15-көнүгүү:Суроолорго жооп бергиле:

1) Сага жаз мезгили жагабы? Эмне үчүн?

2) Сен жашаган жерде жаз мезгили кандай?

3) Сага жазгы спорттун кайсы түрлөрү жагат?

4) Жазында силер эмне кыласыңар?

16-көнүгүү: Текстти окугула жана которгула (Прочитайте и переведите текст):

Жай

Жайында күн абдан ысык. Күн катуу тийип, жел болуп турат. Жердин баары көпкөк. Айылдагы кишилер жайлоого чыгышат, мал багышат. Жайында көп элдер эс алышат, курорт, санаторийлерге жөнөшөт, балдар каникулга чыгышат, токой аралап, сууда сүзүшөт. Элдер абдан жеңил кийинишет.

Сөздүк: жел – ветерок

жайлоо – пастбище

мал багуу – содержать скот

токой аралоо – ходить в лес

 

17-көнүгүү:Суроолорго жооп бергиле (Ответьте на вопросы):


а) Бул кайсы мезгил?

б) Бул кайсы жер?

в) Аба-ырайы кандай?

г) Адамдар кандай кийинип жүрүшөт?

 

 

18-көнүгүү: Сызыкчанын ордуна зат атоочторду койгула (Вместо прочерка добавьте существительные):

_________ ысык болот. ________ күн тиет.

_________ эс алышат. ________ башталат.

_________ санаторийге барышат. _______ сууга түшүшөт.

 

19-көнүгүү: Суроолорго жооп бергиле (Ответьте на вопросы):

1) Сен жашаган жерде жай мезгили кандай?

2) Жай айлары абдан ысыкпы?

3) Жайында силердин шаарыңарда кандай кийинишет?

4) Жайында элдер кандай эс алышат?

5) Элдер кандай кийинишет?

 

20-көнүгүү: Текстти окугула жана которгула (Прочитайте и переведите текст):

Күз

Күз мезгили Кыргызстанда абдан кооз жана берекелүү. Күзүндө аба-ырайы суук боло баштайт. Күн кыскарат, түн узарат. Жалбырактар саргаят. Тез-тез жаан жаайт. Айылда күзүндө жумуш көп. Талаада жер-жемиштер, мөмө жемиштер жыйналат. Күзүндө чоң тойлор болот.

Сөздүк: берекелүү – изобилие, богатый; жалбырактар саргаят – листья желтеют; жыйна – собирать; той, аш – свадьба, праздник

21-көнүгүү: Сүрөт боюнча суроолорго жооп бергиле (Ответьте на вопросы по картинке):


а) Бул кайсы мезгил?

б) Талаада эмне кылып жатышат?

в) Аба-ырайы кандай болот?

г) Балдар кимдерге жардам берип жатышат?

д) Күз мезгили Кыргызстанда кандай болот?

 

22-көнүгүү: Суроолорго жооп бергиле (Ответьте на вопросы):

1) Күзүндө аба-ырайы кандай болот?

2) Окуучулардын, студенттердин окуулары качан башталат?

3) Жаратылыш кандай болуп өзгөрүлөт?

4) Канаттуулар кайда учуп кетишет?

5) Жер-жемиш, мөмө жемиш качан бышат?

6) Кыргызстанда күз кандай өтөт?

 

23-көнүгүү: Сүрөттөрдү карагыла жана чакан текст түзгүлө (Посмотрите на картинку и составьте текст):

 


 

24-көнүгүү:Суроолорго жооп бергиле (Ответьте на вопросы):

1) Сен кайсы спорт оюндарын билесиң?

2) Сага кайсы спорт оюндары жагат?

3) Жазындагы кайсы спорт оюндарына катышасың?

4) Эмне үчүн сага ушул оюн жагат?

5) Ага катышканыңа канча убакыт болду?

6) Кышкы кайсы спорт оюндарын жакшы көрөсүң?

7) Сенин үй-бүлөңдө баары спорт оюндарынакатышабы?

8) Сен ар бир жыл мезгилде кандай спорттун түрү

менен машыгасың?


ЭКИНЧИ БӨЛҮМ

ЧАСТЬ ВТОРАЯ