Темы и упражнения для закрепления

 

 

  БИРИНЧИ - ЭКИНЧИ САБАК ПЕРВЫЙ - ВТОРОЙ УРОК   1-2

 


Тема: Саламдашуу. Коштошуу

Приветствие. Прощание

 

 

1-көнүгүү: Сүрөт боюнча суроолорго жооп берген сөздөрдү бөлгүлө:


Бул эмне? – Бул … Бул эмне? – Бул …

 

Бул эмне? – Бул … Бул ким? – Бул …

 

 


Бул ким? – Бул … Бул ким? – Бул …

 

2-көнүгүү: Ким? Эмне? деген суроолорго жооп берген сөздөрдү бөлгүлө:

Окутуучу, кыз, бала, сабак, үй, мектеп, парта, институт, терезе, үй, мышык, ит, бор, доска, китеп, дептер, калем, окуучу, студент.

 

3-көнүгүү: Сөздөргө көптүк мүчөлөрдү улагыла:

Үлгү: Жол – жолдор, алма – алмалар

аудитория ______кол __________

терезе _________сызгыч _______

эшик __________калемсап _____

шаар __________китеп ________

окуу __________глобус _______

окуучу ________карта ________

мугалим _______стол _________

окутуучу _______журнал _______

кыз ___________газета ________


4-көнүгүү: Сүрөт боюнча диалог түзгүлө:

 

а) Встреча с другом

б) Знакомство с одногруппниками

 

5-көнүгүү: Сүрөт боюнча диалог түзгүлө жана бири-бириңер менен сүйлөшкүлө:

а) Досуңду мугалимиң менен тааныштыр.

б) Китепканачы менен саламдаш, өзүңдүтааныштыр, анан китеп сура.

в) Аудиторияга студент менен саламдаш жана

өзүңдү тааныштыр.

 

6-көнүгүү: Суроолорго жооп берип сүйлөмдү бүтүргүлө:

Үлгү: Аудиторияда парталар турат. Аудиторяда парталар турабы?

 

Дубалда сүрөт _____ илинип турат.

Көчө _____ таза жана кенен.

Үстөлдө китеп ______, дептер _____ жатат.

Университетте студент _______ көп.

Абитуриент ______ документ тапшырат.

Бул имарат _______ бийик.

Окутуучу _______ конференцияга келишти.

 

7-көнүгүү: Сылык формасындагы мүчөлөрдүн астын сызгыла жана сүйлөм түзгүлө:

Келиңиз, жакшысыз, сүйлөңүз, отуруңуз, окуңуз, сулуусуз, саламатсызбы, кайталаңыз, сураңыз.

 

8-көнүгүү: Зат атоочторго таандык мүчөлөрдү коюп, диалогду бүтүргүлө:

Үлгү: Бул кимдин досу? Бул менин досум.

– Сенин атың ким?

– Менин атым Мээрим.

– Сенин үй____ кайда?

– Менин үй____ Бишкекте.

– Үй _____ номери канча?

– Үй _____ номери 140.

– Сенин дос____ барбы?

– Ооба, менин дос___ бар.

– Анын ат ____ ким?

– Анын ат ____ Михаил.

 

9-көнүгүү:Суроолорго жооп бергиле:

Үлгү: – Бул кимдин үйү?

– Бул Виканын үйү.

 

– Бул кимдин үйү?

– Бул кимдин досу?

– Бул кимдин окутуучусу?

– Бул кимдин университети?

 

10-көнүгүү: Зат атоочторго таандык мүчөлөрдү улагыла:

мугалимим + ____

мектеп + ______

Менин класс + ________

калем сап + ____

дос + _____

университет + ___

 

11-көнүгүү: Ат атоочторго тиешелүү сөздөрдү койгула:

Сенин тайпаң

Анын рефератым

Менин атаңыз

Сиздин итибиз

Биздин окутуучусу

Алардын студенттери

Сиздердин жүрөгүңөр

Силердин үйүңүздөр

 

12-көнүгүү: Сүйлөмдөрдөгү ататоочтордун таандык мүчөлөрүн таап астын сызгыла.

1) Бул менин университетим.

2) Алардын үй-бүлөсү чоң.

3) Сенин рефератың барбы?

4) Сиздин атыңыз ким?

5) Биздин аудиториябыз чоң жана жарык.

6) Анын лекциясы кызыктуу.

7) Силердин докладыңар барбы?

8) Сиздин кызыңыз турмушка чыкканбы?

13-көнүгүү: Диалогду уланткыла:

– Бул ким?

– Бул менин досум.

– Досуңдун аты ким?

– Досумдун аты Кирилл.

 

14-көнүгүү: Диалогду улантып, бирөө менен таанышкыла:

– Саламатсызбы?

– Саламатчылык!

 

15-көнүгүү: Илик жөндөмөсүнүн мүчөсүн таап, астын сызгыла:

1) Университеттинимараты чоң.

2) Данилдин достору көп.

3) Бөлмөнүн терезеси чоң.

4) Профессордун лекциясы кызыктуу.

5) Саматтын дептери жок.

6) Бул инимдин досу.

7) Бул досумдун атасы.

 

16-көнүгүү: Текстти окуп, илик жөндөмөсүнүн мүчөсүн тапкыла:

Биздин университет

Бул биздин университет. Университет шаардын борборунда жайгашкан. Университеттинлабораториялары көп. Лабораторияларда ар түрдүү аспаптар бар. Университетте ар кандай улуттагы студенттер окушат. Биздин тайпада кыргыз, орус, дунган, уйгур, чечен, корей жана башка улуттагы студенттер окушат. Биздин тайпа ынтымактуу.

Сөздүк:


борбор – центр

ар түрдүү – разный

аспаптар – приборы

улут – национальность

тайпа – группа

ынтымактуу – дружный


17-көнүгүү: Суроолорго жооп бергиле:

1) Бул кимдин университети? –

2) Университет кайда жайгашкан? –

3) Университеттин лабораториялары барбы? –

4) Университетте кандай студенттер окушат? –

5) Студенттер ынтымактуубу? –

 

18-көнүгүү: Суроолорго жооп берип, диалогду бүтүргүлө:

– Сергей үйлөнгөнбү?

– Досуңдун үйү кайсы жерде?

– Ал ата– энеси менен турабы?

 

19-көнүгүү: Төмөнкү сүйлөмдөргө суроо бергиле:

– _____________? – Менин атым Гүлжан.

– _____________? – Мен он сегиз жаштамын.

– _____________? – үчүнчү курста окуйм.

– _____________? – Шаарда жашайм.

– _____________? – Көп кабаттуу үйдө жашайм.

– _____________? – Биздин үй-бүлөдө 5 киши бар.

 

20-көнүгүү: Текстти окуп, суроо бергиле жана суроолорго жооп бергиле:

Менин туулган жерим

Менин туулган жерим – Кыргызстан. Кыргызстандын борбор шаары – Бишкек. Кыргызстандын тоолору бийик, абасы таза, суулары тунук, элдери кең пейил. Кыргызстандын белгилүү жазуучулары: Ч.Айтматов, Т.Касымбеков, К.Баялинов, А. Токомбаев, акын-илимпоздор Т.Молдо, К.Тыныстанов ж. б.; улуу бийчилери: Б. Бейшеналиева, А.Токомбаева; композиторлору: А. Малдыбаев, К.Молдобасанов; сүрөтчүлөрү: С.Чуйков, О.Мануйлова, С.Чокморов,
Г.Айтиев.

Орус тили – эне тили,

Англис тилин билемин.

Эми болсо кыргызча,

Үйрөнсөм деп жүрөмүн.

 

 

21-көнүгүү: Текстти окуп, которгула жана суроо бергиле:

Менин досторум

Менин досторум абдан көп. Марат – кыргыз, Талгат – казак, Раида – татар, Галя – украин, мен кыргызмын. Биз баарыбыз досторбуз. Мектепте чогуу окудук.

Марат – студент, ал медициналык академияда окуйт. Талгат болсо Техникалык университетте окуйт. Рустам, Раида, Галя жана мен КРСУда окуйбуз. Биз майрам күндөрү же бош убакыт болгондо жолугушуп турабыз. Бирок дайыма бири-бирибизге телефон чалып турабыз.

 

22-көнүгүү: Төмөнкү сөздөрдү жаттагыла:

Саламдашуу – Приветствие

Салам! – Привет!

Саламатсызбы! – Здравствуйте!

Саламатчылык! – Здравствуйте!

Кандайсың? (сыз) – Как ты? (вы)

Жакшы, рахмат. – Спасибо, хорошо.

Кудайга үшүгүр. – Слава богу.

Таанышуу – Знакомство

Таанышып алалы. Менин атым….. – Давайте познакомимся. Меня зовут…..

Таанышып кой. Бул ….. – Познакомься. Это …..

Таанышканыма кубанычтуумун. – Рад знакомству.

Биз таанышпыз – Мы знакомы.

Коштошуу – Прощание

Саламатта болуңуз! – Досвидания!

Саламатта калыңыз! – Досвидания!

Жакшы кал. – Счастливо оставаться.

Көрүшкөнчө. – До встречи.

Келип туруңуз. – Приходите.

Телефон чалып туруңуз. – Звоните.

Түнүңүз бейпил болсун. – Спокойной ночи.

Кечирим суроо – Извинение

Кечирип коюңуз! – Извините пожалуйста!

Кечириңиз – Извините

Ачууланбаңыз – Не злитесь

Капа болбоңуз – Не огорчайтесь

Таарынбаңыз – Не обижайте

Түнүү – Просьба

Сизден өтүнөм! – Прошу вас!

Кечиресиз, сөзүңүздү бөлүп койдум! – Извините, я вас перебил!

Жардам берип коёсузбу! – Не поможите ли!

Кайталап коюңузчу! – Повторите, пожалуйста!

Кирүүгө мүмкүнбү! – Можно войти!

Уруксатпы! – Разрешите!

Кирсем болобу! – Можно войти!

Чыгууга мүмкүнбү! – Можно выйти!

Чыксам болобу! – Можно выйти!

Отурсам болобу! – Можно сесть!

 

23-көнүгүү:Табышмакты тапкыла:

А) Тий, тий десе тийбейт,

Тийбе, тийбе десе тиет.

 

Б) Сол жагы кара, оң жагы кара,

Ичинин баары бала, баштары кара.

 

В) Тоодон топ түштү – буту, колу жок түштү.

(а) эрин б) ширеңке в) мөндүр)

 

 

24-көнүгүү: Кашаанын ичиндеги сөздөрдү туура таап койгула:

Адамдын эки шам чырагы __________

Жанды эриткен жана кейиткен_______

Кыркалекей тизилген_________

Адамды адам кылган эмгек менен_____

Эки бир тууган: бири-оң, бири_______

Жарыша иштеп, жанаша жүргөн ал_____

(көз, сөз, тиш, иш, сол, кол)

 

25-көнүгүү:Кроссворддорду чечкиле:

а) б)

а к а к о   к     ?      
с а л а м э       ?    
а н а р а к         ?  
н д р ы м э           ?
ж а к ш Ы  
ы й с у р

 

26-көнүгүү: Жаңылмачтарды жаттагыла:

а) Кара кара каркылдайт,

Кара качыр аңкылдайт.

б) Көзү бүтүк

үч күчүк үшүп

үч күчүк үшүп,

үнү бүтүп.

 

27-көнүгүү: Макалдарды окуп, орус тилине которгула. Орусча окшошмакалдарды айткыла:

1) Эки тоо көрүшпөйт, эки киши көрүшөт.

2) Тил ойдун сандыгы.

3) Элдин жаны тил.

4) Тил менин тууганым, тил менин душманым.

5) «Сиз» деген сылык сөз

«Сен» деген сенек сөз.

 

28-көнүгүү: Төмөнкү формулярга өзүңөрдүн аты-жөнүңөрдү жазып, толтургула:

Менин атым:

 
 
 

Менин фамилиям:

Менин дарегим:

 

 

29-көнүгүү:Бул жерге үй-бүлөңүздөгү бир туугандарыңдын аттарын жаз:

 

 


1)

2)

3)

4)

5)

6)

7)

8)

9)

10)

 

 


 

ҮЧҮНЧҮ - ТӨРТҮНЧҮ САБАК ТРЕТИЙ - ЧЕТВЁРТЫЙ УРОК   3–4

 

Тема: Үй-бүлө. Тамак-аш.

Семья. Еда.

 

1-көнүгүү:Окугула, которгула, жаттагыла.


чоң ата –

чоң апа –

ата –

апа –

ага –

эже –

сиңди –

карындаш –

ини –

тайэне –

тайата –

кыз –

бала –

жээн –

тайаке –

тайэже –


 

2-көнүгүү:Сүрөттөрдүн алдына кашаадагы ылайыктуу сөздөрдү жазгыла:

 


(небере, жеңе, жезде, эже, байке, күйө бала, ата, апа, чоң ата, чоң эне, тайаке, тайэже, карындаш, ини, сиңди, бөбөк)

 

3-көнүгүү:Таандык мүчөлөрдүтуура жазгыла:

 

  Мен ырчымын мугалим___ окуучу___ тергөөчү___   Сиз ырчы___ мугалим___ окуучу___ тергөөчү___
  Сен   ырчы мугалим окуучу тергөөчү   Ал ырчы___ мугалим___ окуучу___ тергөөчү___

 

 


Грамматика:

 

Отрицательная форма «эмес» употребляется после существительных, прилагательных и наречий.

Мисалы: после существительных: бала эмес, китеп эмес

после прилагательных: кызыл эмес, ак эмес

после наречий: акырын эмес, бат эмес


– Бул эжеңби?

– Жок, эжем эмес. Досум.

– Бул Сашабы?

– Жок, Саша эмес, Дима.

– Бул Элянын чоң апасыбы?

– Жок, ал Элянын чоң апасы эмес.

 

 

4-көнүгүү:Суроолорго терс формасында жооп бергиле:

Үлгү: – Бул агаңбы?

– Жок, бул агам эмес.

– Бул мугалимби?

– _________________________

– Сенин үйүң университеттен алысбы?

– _________________________

– Бул ооруканабы?

– _________________________

– Сенин үй-бүлөң барбы?

– _________________________

– Бул биздин деканбы?

– _________________________

– Бул сенин досуңбу?

– _________________________

– Бул реферат сеникиби?

– _________________________

– Бул сенин кошунаңбы?

– _________________________

 

5-көнүгүү:Текстти окугула, которгула.

Саматтын үй-бүлөсү

Саматтын үй-бүлөсү ынтымактуу. Анын үй-бүлөсү алты кишиден турат. Азыркы убакта бул чоң үй-бүлө болуп эсептелет. Саматтын чоң ата чоң энеси иштешпейт. Алар бааргерлер. Анын атасы фирмада иштейт, 45 жашта. Апасы – мугалим, 40 жашта.

Саматтын Жамийла деген карындашы бар, ал – окуучу. Саматтын ити бар, анын аты Лорд. Самат үй-бүлөсү менен чоң үйдө турушат.

Сөздүк: ынтымактуу – дружная; алты кишиден турат – состоит из шести человек; ит – собака.

 

6-көнүгүү: Төмөнкү сүйлөмдөрдү окуп, текст менен салыштырып, туура формада жазгыла.

Үлгү: Саматтын үй-бүлөсү ынтымактуу эмес.

– Жок, андай эмес. Саматтын үй-бүлөсү абдан ынтымактуу.

1) Анын үй-бүлөсү кичине эмес.

2) Саматтын чоң атасы иштейт.

3) Чоң энеси фирмада иштейт.

4) Апасы пенсияда.

5) Карындашы университетте окубайт.

 

7-көнүгүү:Өзүңүздүн үй-бүлөңүз жөнүндө жазып жана айтып бериңиз.

 

8-көнүгүү:Диалогду 2–3 киши болуп ойногула жана төмөнкү сүйлөмдөргө терс формада жооп бергиле.

– Бул кимдин үй-бүлөсү?

– Бул Айжандын үй-бүлөсү.

– Анын үй-бүлөсү чоңбу же кичинеби?

– Анын үй-бүлөсү абдан чоң, он кишиден турат.

– Айжан кайдан болот?

– Алар Таласта жашашат.

– Айжандын атасы – айыл өкмөтү, апасы – доктур.

Эки эгиз агасы доктур болуп шаарда иштешет. Эки эжеси

тигүүчү, бир иниси бийчи, эки сиңдиси окуучулар,

бир иниси балдар бакчасына барат.

 

Суроолор: Үлгү: – Бул Айжандын үй-бүлөсүбү?

– Жок, бул Айжандын үй-бүлөсү эмес.

– Айжандын үй-бүлөсү кичинеби?

– .

– Анын атасы бизнесменби?

– .

– Анын апасы бийчиби?

– .

– Анын эки агасы тигүүчүбү?

– .

 

9-көнүгүү:Сүйлөмдөрдү туура түзгүлө:

Үлгү: Жашайсыңбы, сен, айылда

– Сен айылда жашайсыңбы?

 

1) Чоң, үй-бүлөсү, бар, Асандын. –.

2) Иштейт, Саматтын, эжеси, эсепчи, болуп. –.

3) Театрда, бийчи, ал. –.

4) Үй-бүлө, ынтымактуу, биздин. –.

 

10-көнүгүү:Сүрөттү карап, суроолорго жооп бергиле.

 

– Бул кандай үй-бүлө?

–.

– Бул үй-бүлөдө канча киши бар?

–.

– Алар эмне кылып жатышат?

–.

– Чоң апасынын кимди кармап отурат?

–.

– Апасы жана атасы эмне кылып жатышат?

–.

 

 

11-көнүгүү:Сүйлөмдөрдөгү учур жана келер чакта турган этиштерди таап, астын сызгыла:

Менин атым Мээрим. Мен Бишкекте жашайм. Мен Медицина Академиясында, 4-курста окуйм. Атам – мугалим, ал мектепте иштейт. Апам иштебейт. Мен Академияга күнүгө маршруттук такси менен барам. Эки жылдан кийин мен Академияны бүтөм. Анан ооруканада доктур болуп иштейм.

 

12-көнүгүү:Төмөнкү этиштерди колдонуп, жөнөкөй учур чакта жана айкын келер чакта сүйлөм түзгүлө:

Бар, кел, жаша, оку, иште, көр, сүйлөш, кур, саламдаш, тааныш, кет.

 

13-көнүгүү:Сөз айкаштарын которуп, үлгүдөгүдөй иштегиле:

Үлгү: – Мага борщ жагат. Сага жагабы?

– Жок, мага борщ жакпайт.

борщ рассольник жареная картошка

рисовый суп лагман суп лапша

жареные котлеты манты

сыр пельмени

 

14-көнүгүү:Окугула, которгула жана жаттагыла:

Нан ооз тий / тийиңиз Чай ич / ичиңиз

Тамактан ал / алыңыз Конокко кел / келиңиз

Конок болуп кет / кетиңиз

 

15-көнүгүү:Бул кайсы бөлмө? Бөлмөнүн ичинде эмне бар айтып бергиле.

 

 


16-көнүгүү:Сүрөттөрдү карап, аңгеме түзгүлө.

а) б) в)

 

 

 


г) д)

 

 

  ГРАММАТИКА     АДАТ ӨТКӨН ЧАК ПРОШЕДШЕЕ ДЛИТЕЛЬНОЕ ВРЕМЯ    

Адат өткөн чак обозначает действие, которое происходило многократно, в течение длительного времени в прошлом. Обычно употребляются со следующими наречиями:

мурун – раньше

былтыр – в прошлом году

ошол жылы – в том году

 

основа глагола + -чу (чү) + личные аффиксы

 

Жак жекелик сан көптүк сан

Лицо (единственное число) (множественное число)

I бар+чу+мун бар+чу+буз

II бар+чу+суң бар+чу+суңар

бар+чу+суз бар+чу+суздар

III бар+чу бар+ыш+чу

 

Мисалдар: Мен мурун бул мектепте окучумун.

Я раньше учился в этой школе.

Сен мурун бийге катышчусуңбу?

Ты раньше занималась танцами.

Алар мурун бул жерде жашашчу.

Они раньше жили здесь.

 

17-көнүгүү:Төмөнкү сүйлөмдөрдү окуп, чак жана жак мүчөлөрүн тапкыла:

1) Мен мурун мектепте иштечүмүн.

2) Сен былтыр бассейнге көп барчусуң.

3) Сиз ошол жылы китеп көп окучусуз.

4) Ал мурун ыр жазчу.

5) Биз былтыр музейге аз барчубуз.

6) Силер ошол жылы иштечү эмессиңер.

7) Алар мурда сүрөт көп тартышчу.

 

18-көнүгүү:Төмөнкү этиштерге адат өткөн чактын мүчөсүн улагыла:

1) Китепканадан реферат жазчумун.

2) Ал мурун киного көп бар____.

3) Сен мурун Интернете көп отур____.

4) Биз былтыр шаардын четине көп чык____.

5) Алар музыка көп ук____.

 

19-көнүгүү:Адат өткөн чактын мүчөсүн улап, сүйлөмдөрдү которгула:

1) Ал мурун сүрөт тарт_____ эмес.

2) Сен былтыр балык карма_____ эмессиң.

3) Биз мурун бул жөнүндө сүйлө_____ эмеспиз.

4) Мен мурун тамак жасаганды бил_____ эмесмин.

5) Силер былтыр жолук_____ эмессиңер.

6) Алар мурун Бишкекте бол_____ эмес.

 

20-көнүгүү:Төмөнкү рецептти окугула жана үйдөн жасагыла:

– Сен манты жасаганды билесиңби?

– Ооба, билем.

– Кантип жасайт?

– Макул, угуп тур.

–Камырга: 1 кг унга туз кошуп жуур.

Майлуу этти туура, пияз, кичине картошка

туурап, пияз, туз, калемпир, мурч кошуп, аралаштыр.

Анан камырды жука кылып жай, төрт чарчы кес.

Кесилген камырга кичине фарш салып, түйөбүз.

Аны касканга салып, 40 мүнөт бууга бышырабыз.

 

Сөздүк:


үйрөт – научить

угуп тур – послушать

жуур – месить (тесто)

камыр – тесто

буу – пар

бышыр – варить

жука – тонкий

жай – раскатать

төрт чарчы – квадратный

түй – лепить



 

Өзүңүрдүн жакшы көргөн тамагыңардын кантип жасалышын айтып бергиле:

21-көнүгүү:Төмөнкү сүрөттүн атын жазып үлгүдөгүдөй иштегиле:

Үлгү: – Майлыкты жылдырып коюңузчу.

– Мына алыңыз.

 


22-көнүгүү:Төмөнкү тамактарды эмнеден жасалган жана кантип жасалат айтып бергиле:

 

бешбармак _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _   шорпо _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _  
палоо _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ манты _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _

 

 

23-көнүгүү:Сүрөттөрдүкарап, аңгеметүзгүлө:


А) Б) В)


 

Г) Д) Е) Ж)

 

 


 

24-көнүгүү:Сүрөт боюнча текстти окугула жана тапшырмаларды аткаргыла:

Бүгүн сегизинчи март. Бул күнү эркектердин баары аялдарды куттукташат. Биз дагы – чоң атам, атам жана мен – апамды, чоң апамды жана Айшаны куттуктадык. Абдан көңүлдүү болду. Биз ар түрдүү белектерди сатып алдык, анан чоң атам эң кооз, таттуу торт сатып келди. Белектерди берип жатып, чоң атам мындай деди: «Майрамыңар куттуу болсун, эч качан оорубагыла, дайыма бактылуу болгула!»Апам менен чоң энем болсо ар түрдүү тамактардыдаярдап коюшуптур. Биз майрамды көңүлдүү өткөрдүк.

Сөздүк: көңүлдүү – весёлый, весело

ар түрдүү – разный

белек – подарок

куттукта – поздравлять

каала – желать

 

 

Тапшырма: Текстбоюнчасуроолордутүзгүлөжанааларгажоопбергиле:

1) Майрамдарда жакын адамдарына кандай каалоолорду айтуу керек?

2) Сен кандай тамактарды жакшы көрөсүң, майрам күнү кандай тамактарды жасайсың?

3) Берилген сөздөргө антонимдерди жазгыла:

бактылуу – счастливый көңүлдүү – весёлый, весело

таттуу – сладкий аялдардыкуттуктоо – поздравлять женщин

 

 

25-көнүгүү:Кроссворду толтургула:

Туурасынан (по горизонтали) Тикесинен (по вертикали):

1) кто пасет овец 3) благославение

2) кто готовит сладости 4) что водит водитель

5) мужской цветок

6) гранат

    м  
ч       н  
    а   а     р
к           е    
    а      
е      
  с  
                     

 

26-көнүгүү:Төмөнкүмакал-лакаптардыокугула, которгула:

1) Катын алганча – отун ал.

2) Атаны сыйлаган абийир табат, энени сыйлаган элге жагат.

3) Элек сурап барып, эрге тийип кетиптир.

4) Үңкүр да болсо үйүм бар, аюу да болсо чалым бар.

5) Кыздуу үйдө кыл жатпайт.

6) Балалуу үй – базар, баласыз үй – мазар.

7) Хандын сарайынын тардыгы ай, алачыгымдын кендиги ай.

 

27-көнүгүү:Жаңылмачты окугула жана жаттагыла:

Алым алманы көрүп,

Кызыга баштады.

Анан алманы алам деп.

Асылып кала таштады.


 

 

28-көнүгүү:Өзүңдүнүй-бүлөңдүнбутагынтарт. Бош клеткалардын ичине аттарын жаз:

 


 

  БЕШИНЧИ-АЛТЫНЧЫ САБАК ПЯТЫЙ-ШЕСТОЙ УРОК   5-6