Тема: Адамдын сырткы келбети.

Ден-соолук.

Внешность. Здоровье.

Жаттагыла:


оорукана – больница

врач, доктур, дарыгер – доктор

тез жардам – скорая помощь

дарыкана – аптека

дары – таблетка, лекарство

эмкана, бейтапкана – поликлиника

ийне – укол

оорулуу – больной, пациент

оору–болезнь


 

1-көнүгүү:Окугула, которгула, маанисин түшүнгүлө:

 

  Терапевт баш ооруну сасык тумоону ич ооруну   дарылайт
Кардиолог жүрөк ооруну карайт
Хирург операцияларды жасайт
Ревматолог сөөк ооруларды дарылайт
  Ларинголог тамак кулакооруларды мурун   карайт
Стоматолог тиш ооруну дарылайт
Окулист көз ооруну дарылайт
Психолог Невропатолог нерв ооруларды айыктырат

 

2-көнүгүү: Дене мүчөлөрдү туура жазгыла жана ошолор менен 5–6 сүйлөм түзгүлө:

1.

2.

3.

4.

5.

6.

7.

8.

9.

10.

 

 

 

  ГРАММАТИКА     КАПЫСКЫ ӨТКӨН ЧАК ПРОШЕДШЕЕ НЕОЖИДАННОЕ ВРЕМЯ    

 

Это время глагола используется для выражения действия, относящегося к прошлому, но факт свершения которого стал известен случайно, внезапно или всплыл
в памяти говорящего неожиданно, в момент речи. Эта форма образуется при помощи аффикса -ып (-ип, -уп, -үп, -п) или при помощи сложного аффикса -ыптыр (-иптир,
-уптур, -үптүр) которые присоединяются к основе, оканчивающейся на согласную.

 

Основа глагола + ып + кал + ыптыр + личные аффиксы

 

Мисалы: Мен кечигип калыптырмын Биз кечигип калыптырбыз

Сен кечигип калыптырсың Силер кечигип калыптырсыңар

Сиз кечигип калыптырсыз Сиздер кечигип калыптырсыздар

Ал кечигип калыптыр Алар кечигип калышыптыр

 

3-көнүгүү: Сүйлөмдөрдөн капыскы этиштерди таап, астын сызгыла:

1) Мен бүгүн сабакка кечиктим себеби уктап калыптырмын.

2) Элина бир жылдын ичинде өзгөрүлүп, татынакай болуп калыптыр.

3) Дима жүдөп, арык болуп калыптыр.

4) Мурункуга караганда, Виктор толуп калыптыр.

5) Марина дептерин унутуп калыптыр.

6) Мария Борисовна Бишкекте жашап калыптыр.

 

4-көнүгүү: Сүйлөмдөрдү капыскы өткөн чакта жазып бүтүргүлө:

Үлгү: – Мира барбы?

– Жок, ал кетип калыптыр.

1) Ксения сабакка келген жок. Ал оор___ .

2) Сен Мадинаны көрдүңбү? – Ооба, ал өзгөр.

3) Мен кечээ Ираны көрдүм. Ал арык, жүдө__ .

4) Китепти алып келдиңби? – Кечирип кой, мен унут_____.

5) Женя китепканага келген жок. Ал адаш.

6) Жылуу кийим кий. Үшү___ .

 

5-көнүгүү:Үлгү боюнча суроого жооп бергиле:

Үлгү:Миша толукпу?

Ооба, Миша толуп калыптыр.

 

Мурат арыкпы? (арык)   Ваня чоңойдубу? (чоң)  

 

Влад кандай? (жаш)     Апаң жашпы? (кары)

 

6-көнүгүү: Төмөнкү сөздөрдү колдонуп, үлгүдөгүдөй комплимент айтып жазгыла:

Үлгү: Жакшынакай болуп калыптырсыз!

татынакай, сулуу, жашарып, агарып, өзгөрүп

 

7-көнүгүү: Төмөнкү адамдар жөнүндө айтып бергиле:

Үлгү: – Бул ким?

– Бул Йоко.

– Улуту ким?

– Жапон.

– Канча жашта?

– 20 жашта.

– Окуйбу?

– Ооба. Университетте окуйт.

 

орус


кытай

 

 

 

кыргыз

 

8-көнүгүү:Үлгү боюнча иштегиле:

1) Үлгү: Көз айнек, мурут – көз айнекчен, мурутчан, сакалчан.

Виктордун көз айнеги бар. Ал көз айнекчен.

 

Сакал, мурут –

 

 

2) Үлгү: Кыска, кара, көк.

Айгүлдүн чачы кыска, кара, көзү көк.

 

Кыска, кара, күрөң –

 

 

Узун, сары, кара –

 

9-көнүгүү: «Ооруканада» деген диалогду ролдоп ойногула:

Доктур: – Эмнеңиз ооруйт?

Оорулуу: – Менин тамагым, жүрөгүм, ашказаным ооруп жатат.

Доктур: – Оозуңузду ачыңыз, тамагыңызды көрсөтүңүз. Тамагыңыз абдан кызыл.

Дары жазып берем. Чечиниңиз. Дем

алыңыз. Өпкөңүз таза, демек сиздики

ангина.

Сөздүк: оозуңузду ачыңыз – откройте рот

тамагыңызды көрөйүн – посмотрю ваше горло

тамакты чайкаңыз – полоскайте горло

өпкөңүз таза – ваши легкие чистые

 

10-көнүгүү: «Тиш доктурда» деген диалогду окугула, которгула:

Оорулуу: – Менин тишим ооруп жатат.

Доктур: – Кайсы тишиң ооруп жатат? Ысык, муздак ичсең ооруйбу?

Оорулуу: – Абдан кыйналдым, тишимди сууруп салыңызчы.

Доктур: – Бул тишиңиз дагы ооруйбу?

Оорулуу: – Ооба, аны дагы дарылаш керек.

 

Сөздүк: ысык – горячий муздак – холодный

кыйналдым – мучился сууруп салыңыз – вырвите

дарылаш керек – нужно лечить

 

11-көнүгүү: Сүйлөмдөрдү окуп, которгула жана этиштерди таап, чактарын аныктагыла:

1) Сен досторуңа жолугуп жүрөсүңбү?

2) Ал чоң атасына дайыма барып жүрөт.

3) Кандай жүрөсүң? – Жакшы, рахмат.

4) Самат кайда? – Ал ойноп жүрөт.

5) Чоң апаң жакшы жүрөбү? – Чоң апам жакшы жүрөт.

6) Сергей азыр кайда? – Ал Пекинде орус тилин окутуп жүрөт.

 

12-көнүгүү: Берилген этиштерди терс формада жазгыла:

Үлгү: Ич – ичпе оору –

ук – же –

сал – бар –

дарылан – сура –

көрүн – сүйлө –

 

13-көнүгүү: Кашаанын ичиндеги сөздөрдү колдонуп, үлгү боюнча суроолорго жооп бергиле.

Үлгү: Менин көзүм кара жана чоң.

Окутуучунун

Апаңдын көзү кандай?

Досумдун

Эжемдин

(чоң, кичине, ичке, тостойгон, алаң, бүтүк)

 

14-көнүгүү: Сүрөттөгү адамдардын өңүн сүрөттөгүлө, диалог түзгүлө.

Бул менин теңтушум. Ал жаш кыз. Ал узун бойлуу, арык, чачы узун, мүнөзү шайыр, боорукер.

 

Бул менин доктурум. Ал орто жаштагы аял.

Анын чачы

Анын көзү

Анын боюу

Анын бети

 

Бул менин чоң атам. Ал кары киши.

 

15-көнүгүү: Сүйлөмдөрдү окугула жана которгула:

1) Мен бүгүм ооруп турам, эс алайынчы.

2) Чоң апам чыйрыгып турат, ысык чай бериш керек.

3) Асель өзүн жаман сезип турат, кете берсин.

4) Анын башы ооруп жатат, тынч отургула.

5) Ал кыйналып турат, суу бер.

 

16-көнүгүү: «Көз доктурда» деген диалогду окугула, которгула:

Дарыгер: – Эмнеге келдиңиз?

Оорулуу: – Көз айнегимди сындырып алдым, көзүм көрбөй жатат.

Дарыгер: – Сиз көптөн бери көз айнек кийип жүрөсүзбү?

Оорулуу: – Ооба, 5–6 жыл болду.

Дарыгер: – Көзүңүз ооруйбу?

Оорулуу: – Көзүм көп оорубайт, бирок мен жакындан эле көрөм.

 

17-көнүгүү: Окугула жана суроолорго жооп бергиле:

Вова катуу ооруп калыптыр. Анын денеси ысык, башы ооруп жатат. Мен, «тез жардам» чакырдым. Доктур келип Вованы көрүп дары жазып берди.

Вова жылуу жатышы керек, дары ичиши керек, ал муздак суу ичпеши керек.

Суроолор: 1) Вовага эмне болду?

2) Анын ден-соолугу кандай?

3) «Тез жардамды» ким чакырды?

4) Доктур эмне кылды?

5) Вова эмне кылышы керек?

6) Вова эмне кылбашы керек?

 

18-көнүгүү: Текстти окугула, которгула жана суроолорго жооп бергиле: