Семирүүнүн аныктоо ыкмалары

Семирүү даражасы:

I даража (жеңил) - дененин ашычка салмагы ошол адамдын «идеалдык» салмагынан 10-29% га көп;

II даража (орто) – 39-49% га көп;

III даража (оор) – 50-99% га көп;

IV даража - дененин салмагы «идеалдык» салмактан 100% га жана андан көп.

Чоңдордун «идеалдык салмагын» аныктоо үчүн Брок индекси кеңири колдонулат. Брок индекси боюнча «идеалдык салмак» бойдун узундугунан (см) 100дү кемиткенге барабар.

Орто жана нормалдуу салмакты аныктоо үчүн Брейтмандын көрсөткүчүн колдонсо болот: нормалдуу салмак бойду (см) 0,7ге көбөйтүп, андан 50 кемитилет. Бирок бул жана башка таблица, формулалар булчундары жакшы өнүккөн адамдардын идеалдык салмагын аныктоого жараксыз.

Идеалдуу салмакты аныктоо үчүн номограф иштелип чыккан. Номограф - бул адамдын «идеалдык» салмагынын, жынынсынын, курагынын, жумушунун, мүнөзүнүн, конституциясынын ж.б. көрсөткүчтөрүнүн негизинде, анын незизги тамак-аштардан жана энергиядан болжолдуу муктаждыгын эсептөөчү курал.

Семирүүнүн денгээлин тери астындагы май быржыктары төштүн айбалкасы аймагында даана болот. Тери астындагы май быржыкчалары төштүн айбалкасы аймагында даана байкалат: нормада 1,1-1,5 смге туура келет. Эгерде быржыктын жоондугу 2 см ден ашса семирүү жөнүндө ойлонууга болот. Семирүүнун жогорку даражаларында быржыктын жоондугу 5-8 смден ашат.

Семирүүнүн даражасын баалоо үчүн дагы бир кеңири таралган көрсөткүч болуп дене салмагынын индекси же ДСИ (Кетле индекси) эсептелинет.

ДСИ =

Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (БДССУ) классификациясы боюнча дене салмагынын индексинин (ДСИ) нормалдуу көрсөткүчү 18,5 ден – 24,9 кг/м2 чейин болот. ДСИ 25ден – 29,9 кг/м2 дененин ашыкча салмагы, 30 кг/м2 дан көбү - семирүү: 30,0 – 34,9 кг/м2 семирүүнүн І классы, 35,0 – 39,9 кг/м2 семирүүнүн ІІ классы, 40,0 кг/м2 дан көбү семирүүнүн ІІІ деп бааланат.

Майдын денеде таралышын аныктоо үчүн белдин жана сандардын тегерегин ченөө маанилүү. Белдин тегерегинин (БТ) сандардын тегерегине (СТ) болгон катышы (БТ/СТ) күнүмдүк практикада керектүү көрсөткүч болуп саналат.

БТ/СТга болгон катышы 1 жана андан жогору эркектерде, 0,85ден жогору аялдарда болсо эң алгач зат алмашуунун бузулушу менен байланыштуу жана ички органдарга тиешелүү болгон индикатору (көргөзмөсү) болуп эсептелет.

Нормада белдин тегереги эркектерде 94см ден, аялдарда 80см ден ашпаш керек. Эгенде, эркектин бели 102см ге, же аялдыкы 88см ге жетсе оору пайда болуу коркунучу күчөйт жана дененин салмагын төмөндөтүү кеңешин берүү керек.

Даттануулар

Деми кыстыгуу, жүрөк аймагындагы ооруксунуу, салмак кошуу, тез чарчап калуу, баш ооруу, табиттин көтөрүлүүсү, ич катуу.

Кароо

Желке, курсак, буттун саны, эмчек, жамбаш аймактарында майдын ашычка таралышы (майдын бөлүштүрүлүшү семирүнүн себептеринен көз каранды).

Экзогендик - конституционалдык семирүүдө май көбүнчө тегиз бөлүштүрүлөт. Бирок көпчүлүк учурда анын ар башка аймактарда диспропорциялуу чогулушу байкалат. Майдык бөлүкчүлүк (сегментардык) таралышынын 3 түрү бар: «жогорку, ортоңку, ылдыйкы». Семирүүнүн «жогорку» түрүндө майлар незигинен бетте, көкүрөк көөдөнүнүн аймагында жана ичтин үстүнкү бөлүгүндө жайгашат. Семирүүнүн «ортоңку» түрүндө майлар көбүнчө ич, жамбаш аймагында; семирүүнүн «ылдыйкы» түрүндө болсо жамбаш жана буттарда (санда, шыйрактарда) топтолот. Бул “рейтуздук” же “галифе” түрүндөгү семирүү деп аталат.

Көбүнчө аялдарда кездешүүчү тери астындагы май тканынын күчөгөн жоюлуусунда “липодистрофия” бет, көкүрөк, ичтин үстүнкү аймагындагы тери астындагы май катмарынын азайышы же жоголушу ошол эле мегилде дененин ылдыйкы бөлүгүнүн нормалдуу калышы же бир аз семириши менен мүнөздөлгөн май алмашуунун өзгөчө бузулушу аныкталат.

Көбүнчө теринин ириңдүү оорусу (пиодермия) байкалат.

Пальпация: жүрөк чокусунун түртүлүүсү начарлайт.

Перкуссия: жүрөктүн чектери сол тарапка кеңейет.

Аускультация: жүрөктүн тондору алсыздайт, артериялык кан басымы жогорулайт.

Лабораториялык жана инструменталдык изилдөө ыкмалары

Канда: гиперхолестеринемия (нормада жалпы холестерин – 5,18 ммоль/л), триглицериддердин саны көбөйөт (нормада 2,83 ммоль/л).