Жолуңар шыдыр болсун!
Счастливого пути!
Текст: Автобекетте.
На автовокзале.
Жаттагыла: 1. Спросите о транспорте и его маршруте.
Выучите: 2. Купите билеты на автобус, поезд, самолёт и т.д.
3. Подробно спросите о маршруте.
ГРАММАТИКА | БАРЫШ ЖӨНДӨМӨ ДАТЕЛЬНЫЙ ПАДЕЖ ЧЫГЫШ ЖӨНДӨМӨ ИСХОДНЫЙ ПАДЕЖ |
Жаңы сөздөр жана сөз айкаштар:
автобекет – автовокзал
темир жол бекети – ж/д вокзал
аэропорт – аэропорт
билет кассасы – билетная касса
жол кире – плата за проезд
бекет – станция, вокзал
айдоочу – водитель
аманат жайы – камера хранения
жүк – багаж, груз
жол – дорога
орун – место
жөнө – отправляться
учуу – летать, полёт
күтүү залы – зал ожидания
саякат – путешествие
кур – ремень
текшерүүчү – контролёр
сылык – вежливый
учкуч – лётчик
маршруттук такси – маршрутное такси
маалымат берүүчү жай – справочное бюро
Ысык-Көлгө эмне менен барса болот? – Как можно доехать до Иссык-Куля?
Канча саатта жетесиң? – За сколько часов доберёшься?
Автобус канчада жөнөйт? – Во сколько отправляется автобус?
Кийинки рейс качан болот? – Когда будет следующий рейс?
Кайсы рейсти күтүп жатасыз? – Какой рейс вы ожидаете?
Унаа
Кыргыз Республикасынын эл чарбасынын негизги тармактарынын бири транспорт болуп саналат.
Ал республика ичиндеги көпчүлүк жүктөрдү жана жүргүнчүлөрдү ташуучу унаа, анын үлүшүнө 97 % жүк, 99 % га жакын жүргүнчүлөрдү ташууга туура келет. Тышкы экономикалык райондор, өлкөлөр менен болгон байланыштар темир жол транспортуна жүктөлөт. Алыскы аралыктарга тез жеткирүүчү унанын түрү – аба транспорту, ал көбүнчө жүргүнчүлөрдү, почта, баалуу же тез бузулуп кетүүчү азык-түлүктөрдү ташууда ыңгайлуу.
Темир жол транспорту Кыргызстандын тышкы өлкөлөр жана райондор менен экономикалык байланыш түзүүсүндө чоң роль ойнойт, бардык тышкы жүктөр темир жол аркылуу ташылат. Республикадагы темир жолдун жалпы узундугу 372 км. Ал бири-бири менен байланышпаган эки ири участоктон турат: республиканын түндүгүндө Чалдовар – Бишкек–Балыкчы: түштүктө –Ош, Жалалабад, Кызылкия, Көкжаңгак, Ташкөмүр шаарларына кеткен кыска жолдор бар. Республикадагы бардык темир жолдор – Алматы жана Ташкент жолдорунан тармакталып кетүүчү туюк жолдор.
Кыргызстандын көпчүлүк райондорунда автоунаа унаанын жалгыз гана түрү болуп саналат.
СҮЙЛӨӨ ПРАКТИКАСЫ ПРАКТИКА РЕЧИ |
– Нарынга билет кайдан сатылат? – Экинчи кассадан сатылат. – Автобус кайдан жөнөйт? – Алтынчы платформадан. | – Где продаётся билет в Нарын? – Во второй кассе. – Откуда отправляется автобус? – С шестой платформы. |
1-көнүгүү: Окугула жана диалог түзгүлө (Прочитайте и составьте соответственно этому свой диалог).
а) – Кечиресиз, Чолпон-Атага билет кайдан сатылат.
– Биринчи кассадан сатылат.
– Акыркысы ким?
– Мен, менден кийин туруңуз.
– Чолпон-Атага билет барбы?
– Ооба, бар.
– Жол кире канча болот?
–500 сом.
– Анда мага эки билет бериңизчи.
– Автобус канчада жөнөйт?
– Саат алтыда үчүнчү платформадан жөнөйт.
– Кечиресиз, канча саатта жетем?
– Төрт саатта жетесиз.
– Чоң рахмат.
– Жолуңуз шыдыр болсун!
б) – Ошко билет барбы?
– Жок.
– Кийинки рейс качан учат?
– Эртең саат алтыда.
– Билет канчадан?
– 1700 сом.
– Мага бир билет бериңизчи.
– Мына, алыңыз. Кечикпеңиз.
– Чоң рахмат!
ГРАММАТИКА | БАРЫШ ЖӨНДӨМӨ ДАТЕЛЬНЫЙ ПАДЕЖ |
Барыш жөндөмө выражает направление действия к лицу или предмету, пространственной, временной цели, пункту. Барыш жөндөмө образуется при помощи
8-вариантного аффикса -га. Слова в форме дательного падежа отвечают на вопросы:
² кимге? кому?
² эмнеге? чему? для чего? за чем?
² кайда? куда?
Имя существительное | + | Аффиксы барыш жөндөмө |
После гласных и звонких согласных | + | -га, -ге, -го, -гө |
После глухих согласных | + | -ка, -ке, -ко, -кө |
После аффиксов принадлежности I и II лица | + | -а, -е, -о, -ө |
После аффиксов принадлежности III лица | + | -на, -не, -но, -нө |
Мисалы: Ысык-Көл+гө, Мария+га
Талас+ка, Канат+ка
Апам+а, үйүм+ө
баласы+на, айылы+на
ГРАММАТИКА | ЧЫГЫШ ЖӨНДӨМӨ ИСХОДНЫЙ ПАДЕЖ |
Чыгыш жөндөмө (исходный падеж) выражает:
1. место, где началось или протекало действие;
2. место, когда началось или начинается действие;
3. причину действия или состояния;
4. сравнение одного предмета с другим;
5. материал, вещество, из которого изготовлен предмет;
6. косвенный объект действия.
Форма исходного падежа (чыгыш жөндөмө) образуется при помощи
6-вариантного аффикса -дан; чыгыш жөндөмө отвечает на следующие вопросы:
² кимден? от кого?
² эмнеден? от чего?
² кайдан? откуда?
Имя существительное | + | Аффиксы чыгыш жөндөмө |
После гласных и звонких согласных | + | -дан, -ден, -дон, -дөн |
После глухих согласных | + | -тан, -тен, -тон, -төн |
После аффиксов принадлежности I и II лица | + | -дан, -ден, -дон, -дөн |
После аффиксов принадлежности III лица | + | -нан, -нен, -нон, -нөн |
Мисалы: үй+дөн, окуучу+дан
Ош+тон, Адилет+тен
балам+дан, атаң+дан
кызы+нан, үйү+нөн
Мен кечээ Ысык-Көлдөн келдим.
Мен эртең Балыкчыга барам.