Кыргыз-Россия Славян университети

 

КРСУ 1992-жылы эки тараптуу келишим аркылуу ачылган. Университетте жети факультет бар. Алар: эл аралык мамилелер, гуманитардык, табигый-техникалык, экономикалык, укук, медициналык, архитектура жана курулуш. Ар кандай адистиктерди даярдоочу кафедралар иштейт. Аларда жогорку квалификациялуу илимий жана педагогикалык кадрлар эмгектенишет. КРСУда көптөгөн илимий лабораториялар иштейт.

Университетте докторантура жана адистиктер боюнча аспирантура бар. Ошондой эле университет компьютердик класстар менен жабдылган. Анын курамында маалымат-эсептөөчү борбор бар, басма иштерин тейлеген редакциялык бөлүм жана анын типографиясы иштейт. Сүрөт галереясы жана тарых музейи бар. «Студобоз» аттуу газетасы чыгып турат.

СҮЙЛӨШҮҮ ПРАКТИКАСЫ ПРАКТИКА РЕЧИ  
– Түшүнбөй калдым, кайталап коюңузчу? – Кирүүгө мүмкүнбү? – Чыксам болобу? – Повторите, пожалуйста я не понял? – Можно войти? – Можно выйти?

1-көнүгүү: Окугула жана которгула (Прочитайте, переведите).

1) – Кечиресиз, деканат канчанчы кабатта?

– Экинчи кабатта, сол жакта.

– Рахмат.

2) – Саламатсызбы! Кирүүгө мүмкүнбү?

– Саламатчылык! Кириңиз.

– Деканга кирсе болобу?

– Ал азыр бош эмес, күтүп туруңуз.

3) – Кечиресиз, жүгүртмөнү кантип билсем болот?

– Жүрүңүз, көрсөтүп коём.

– Сиз канчанчы курсту издеп жатасыз?

– Мага 3-курс ФК-3-06 группасы керек.

– Анда сиз бул жакты караңыз.

– Сизге чоң рахмат.

– Эч нерсе эмес.

  ГРАММАТИКА     ШАРТУУ ЫҢГАЙ УСЛОВНОЕ НАКЛОНЕНИЕ    

 

Условновное наклонение (Шартуу ыңгай) выражает условие в виде действия, процесса при котором может совершится другое действие, процесс и образуется от основы глагола присоединением аффикса «-са» с фонетическими вариантами, с использованием вспомогательного глагола «болот».

 

 

Жак Жекелик сан Көптүк сан

I Кир + се + м Кир + се + к

II Кир + се + ң болобу? Кир + се + ңер болобу?

Кир + се + ңиз Кир + се + ңиздер

III Кир + се Кир + иш + се

 

Мисалы: – Кечиресиз, кирсем болобу?

Извините, можно войти?

 

Ответ на условную форму -са может быть «болот».

Мисалы: – Кирсем болобу?

– Ооба, кирсең болот.

 

    Келгиле сүйлөшөлү Давайте поговорим

2-көнүгүү:Сүйлөмдөрдү бүтүргүлө (Завершите предложения):

1) Ал киного бар__ болобу?

2) Сиз үйгө кет___ болот.

3) Мен китепти ал___ болобу?

4) Сен сура___ болот.

5) Алар сабактан чык___ болот.

 

3-көнүгүү: Төмөнкү диалогдорду бүтүргүлө (Завершите диалог):

– Кечиресиз, кир___ болобу?

– Болот. Кечикпей жүр.

– Сергей Валентинович, отур___ болобу?

– Ооба, болот отур.

– Кечиресиз, сура___ болобу?

– Ооба, сураңыз.

– Досканы өчүр___ болобу?

– Ооба, өчүр___ болот.

 

4-көнүгүү: Төмөнкү буюмдарды үлгүнү карап сурагыла (По образцу задайте вопрос):

Үлгү:– Калем сапты алса болобу?

Жок, болбойт. Ал меники эмес.

 

 



калем сап калем китеп

 

 


дептер ежедневник сумка

күндөлүк

 

Грамматика:

В кыргызском языке чаще всего вместо выражения «пожалуйста» мы присоединяем к основе глагола аффикс «-чы», который выражает просьбу.

 

Основа глагола + Личный аффикс + -чы, -чи, -чу, -чү

 

Мисалы: Сура + чы Отур + чу Кел + чи

Айт + чы Ук + чу Бер + чи

Жазыңыз + чы Ойлонуңуз + чу Иштеңиз + чи

Окуңуз + чу Сүйлөңүз + чү Көчүрүңүз + чү

Мисалы: Түшүнбөй калдым, кайталаңызчы!

 

5-көнүгүү: Сөздөрдүн мүчөлөрүн толуктап жазгыла (Правильно допишите окончания):

 

Танда_____ Ал______ Төлө_____

6-көнүгүү: Окугула жана которгула (Прочитайте и переведите):

1) – Кана, сиз мага жооп бериңизчи?

– Мен бүгүн даяр эмесмин.

2) – Эшикти жабыңызчы, угулбай жатат.

– Терезени ачкылачы, ысып кетти.

3) – Телефонуңарды өчүргүлөчү, алаксып жатасыңар.

4) – Айтыңызчы, бүгүн канча сабак болот?

– Бүгүн үч сабак болот.

 

7-көнүгүү: Диалогду окугула, которгула жана ушу сыяктуу диалог түзгүлө (Прочитайте, переведите и составьте схожий диалог):


– Саламатсызбы? Бул деканатпы?

– Саламатчылык! Ооба, кириңиз.

– Мен Петровдун атасымын.

– Балаңыз кайсы группадан?

– Балам М-1-07 группасынан.

– Мени эмнеге чакырттыңыз эле?

– Балаңыз тентек, жалкоо, сабак окубайт.

–Модулдарды тапшырган жок.

 

 

 

  Келгиле сүйлөшөлү Давайте поговорим  

 

 

8-көнүгүү: Диалогдорду окугула, которгула жана түзгүлө (Прочитайте, переведите и составьте диалог):

1) Сиз сүйлөмдү түшүнбөй калдыңыз. Окутуучудан сүйлөмдү кайтоолоонуөтүнүңүз.

2) Аудитория ысып кетти. Досуңуздан терезени ачууну сураныңыз.

3) Сиз окутуучусуз. Тапшырманы Ивановдон сураңыз.

 

 

  ОН АЛТЫНЧЫ САБАК ШЕСТНАДЦАТЫЙУРОК