Борбордук универсалдык дүкөн

Бишкек шаарында бир чоң борбордук универсалдык дүкөн бар. Бул дүкөн Чүй проспектисинде шаардын так ортосунда жайгашкан. Дүкөн төрт кабаттуу кооз имарат. Ар бир кабатта ар кандай бөлүмдөр бар. Биринчи кабатта мобилдүү телефондорду, кеңсе товарларды сатып алса болот. Экинчи кабатта эркектердин жана аялдардын кийимдерин, парфюмерия, косметика сатып алса болот. Үчүнчү кабатта турмуш-тиричилик техника, эмеректерди, терезе пардаларды сатып алса болот.

Сөздүк:

так шаардын ортосунда – прямо посреди города

көлөмү боюнча – по размеру

аялдардын товарлары – товары для женщин

эркектердин буюмдары – товары для мужчин

кездемелер – ткани

пардалар – шторы

 

25-көнүгүү:Сызыкчанын ордуна кашаадагы сөздөрдү туура койгула:

Биз ________ бардык. Соода үйүндө дайыма ______ бар. Алар өз каалаган ________ көрүшөт. Мен ________ туфли кийип көрдүм. Бирок анын ________ туура келбей калды. Айша ________ көйнөк сатып алды. Биз ________ кайттык.

(дүкөнгө, буюмдарды, размери, өзүнө, киши көп, күрөң, үйгө)

 

26-көнүгүү:Диалогду которгула жана ойногула:

Сатуучу: – Сиз эмне аласыз?

Кардар: – Мага жакшы көйнөк керек эле.

Сатуучу: – Сизге жардам берейинби?

Кардар: – Жок, мен өзүм карап көрөйүн, анан сизди чакырам.

Сатуучу: – Сиз кайсы размер киесиз?

Кардар: – Кырк төртүнчү.

Сатуучу: – Ал размерлер бул катарда.

Кардар: – Сизге чоң рахмат.

Сатуучу: – Эчтеке эмес.

 

27-көнүгүү:Диалогду окуп, которгула жана ушу сыяктуу диалог түзгүлө:

– Мага кара батинке, өтүк, аялдардын туфлиси керек эле.

– Канчанчы размер?

– 35, 36 жана 38.

– Кириңиз, тандаңыз.

– Бул туфли мага жакты.

– Кийип көрүңүз.

– Бул мага чак экен. Мен алам.

 

28-көнүгүү:Диалогду уланткыла:

Сатуучу: – Эмнелерди көргүңүз келет?

Кардар: – Пальто, кездеме алайын дедим эле.

Сатуучу: – Кириңиз, пальтолор бул жакта, кездемелер сол жакта.

Кардар: –

Сатуучу: –

Кардар: –

Сатуучу: –

 

29-көнүгүү:Төмөнкү киринди сөздөр менен диалог түзгүлө:

1) Менимче, жакын жерде дүкөн бар.

2) Менимче, бул көйнөк сага тар.

3) Калп айтпасам, бул 500 сом турат.

4)Тилекке каршы, дүкөн жабылып калыптыр.

 

30-көнүгүү:Тиешелүү киринди сөздөрдү колдонуп, диалог түзгүлө:

үтүктөө – гладить

тигүү – шить

жуу – стирать

31-көнүгүү:Диалогдорду окуп ойногула:

а) Жакында Жаңы жыл болот. Досторуңузга белектерди сатып алыш керек.

 

Студент А: –Сиз досторуңузга эмне аласыз депчечтиңиз.

Студент Б: –Сизге белек алыш үчүн кеңешүү керек.

– Сен Аселге эмне белек алганы жатасың?

– Сөйкө.

– Мен эмне сатып алсам? Асель эмнени жакшы көрөт?

– Ал мээлей керек, деп айткан.

– Туура, анда мен ага мээлей сатып алам.

б) Төмөнкү адамдарга белек сатып алгыла:

Саша – футбол ойногонду жакшы көрөт.

Ринат – музыка укканды жакшы көрөт.

Лера – жумшак оюнчуктарды жакшы көрөт.

Катя – боёнгонду жакшы көрөт.

 

32-көнүгүү:Табышмактарды тапкыла:


Бир үйдө 12 адам жашайт.

Экөө кызмат кылат. Башкалары карап турат.

Таң калаарлык досум бар.

Тактыгы дайым ойлонтот.

Кайсы маалда айтсаң да.

Ошол маалда ойготот.

 

33-көнүгүү:Сөздөрдү тапкыла:

 

Ш О К О Л А Д Т
Е П А Р А К А О
К И Н А Н Т О К
Е Э Т А Р У У О
Р Ы Б А К Х Н Ч

1)

2)

3)

4)

5)

6)

7)

8)

9)

 

34-көнүгүү:Макал-лакаптарды окугула жана жаттагыла:

Акылдуу башчың болсо адашпайсың.

Дүйнө бир тыйындан курулат.

Эсеп-эсеп, эсеп билбеген эшек.


 

  ОН ЭКИНЧИ САБАК ДВЕНАДЦАТЫЙ УРОК    

Текст: Почтада

На почте

 

1-көнүгүү: Сүрөттөгү сааттарды айтып бергиле:

 

 


2-көнүгүү: Сызыкчанын ордуна этиштин өткөн чагынын мүчөлөрүн коюп жазгыла:

Алина кат жаз_____. Лена үйү менен сүйлө_____. Асанга конок кел_____. Самат мектептен кел_____. Балдар футбол ойно_____. Ал досуна телеграмма жибер_____.

 

3-көнүгүү: Өткөн чакты билдирген мүчөлөрдү жазгыла:

1) Кечээ мен почтага бар.

2) Ал Москвага кат жибер.

3) Биз Муратка кат жаз.

4) Мурдагы күнү мага Нурлан телефон чал.

5) Бланкты толтур?

6) Сен досторуңдан көп кат ал?

7) Сиз шашылыш телеграмма жөнөт?

8) Жаңы жыл майрамы менен кутукта.

9) Мен өтө кызыктуу китеп сатып ал.

10) Телефон аркылуу Света жана Руслан менен байланыш.

 

4-көнүгүү: Суроолорду окугула жана аларга жооп бергиле:

1) Юля кайда бара жатат?

2) Ал почтага эмнеге бара жатат?

3) Ал кайда заказ берет?

4) Канча мүнөт сүйлөшөт?

5) Ал ким менен сүйлөшөт?

5-көнүгүү:Сүрөт боюнча диалогду уланткыла:

– Саламатсызбы?

– Саламатчылык.

– Нарынга заказ берсем болобу?

– Болот, бирок кичине күтө туруңуз.

 

6-көнүгүү:Диалогду окугула, которгула жана ушу сыяктуу өзүңөрдүн диалогуңарды түзгүлө:

Тимур: – Алло, Нурбек? Бул мен, Тимурмун. Иштериң кандай?

Нурбек: – Баары жакшы, өзүңүз кандайсыз. Бишкекте аба-ырайы кандай?

Тимур: – Азыр жылуу. Күн тийип турат. Кечээ жаан жаады.

Нурбек: – Ысык-Көлдө салкын. Кечкисин бир аз суук.

Тимур: – Сен Бишкекке качан келесиң?

Нурбек: – Жуманын аягында келем.

Тимур: – Кош бол, көрүшкөнчө. Мен сени күтөм.

Нурбек: – Жакшы кал.

 

7-көнүгүү:Берилген сандарды сөздөр менен окугула:

Бүгүн 2008-жыл, 25-апрель

27-март.

2002-жыл, 2-март

9-май

1-январь – Жаңы Жыл

 

8-көнүгүү:Текстти окуп чыккыла. Текст боюнча суроолорго жооп бергиле:

Жаңы жылдык куттуктоолор

Жаңы жылдын алдында мен бир нече катты жазып алып почтага бардым. Адегенде мен бандероль алчу жерге барып белектерди ороп берүүнү сурандым. Бандеролго дарегин жазып, маркалар үчүн акча төлөп, штамп бастырдым. Анан посылканын бланкасын толтурдум. Почта кызматкери посылканы таразага тартып, квитанция (дүмүрчөк) жазып берди. Посылкага мен адресаттын толук дарегин жазып койдум. Майда белектерди бандерол менен жибердим. Ата-энеме, досторума, туугандарыма куттуктоолорду жазып жибердим.

Сөздүк:

Жаңы жылдын алдында – в канун Нового года

бир нече – несколько

керектүү буюмдар – нужные, необходимые вещи

адегенде – сначала

ороп берүү – завернуть

акча төлөп – заплатить деньги

кабыл алуу жер – пункт приёма заказов

… жибердим – я отправила …

дүмүрчөк – квитанция

 

9-көнүгүү:Текстти окугула, которгула жана айтып бергиле:

Электрондук кат

Мен бүгүн электрондук почтамды ачып,

каттарды карадым. Досумдан кат келиптир. Мен

абдан сүйүндүм. Ал минтип жазыптыр:

«Салам, досум! Мен бир жумадан бери

Одессада жүрөм. Бул шаар мага абдан жакты.

Өзгөчө адамдары, салты, аба-ырайы. Баарынан да – деңизи.

Күнүгө пляжга барып жатам, сууга сүзөм, кайыкка түшөм.

Абдан жакшы эс алдым, дарыландым, көп балдар, кыздар

менен тааныштым. Кооз имараттарды сүрөткө тарттым. Сүрөттөрдү бир аз убакыттан кийин жөнөтөм. Эгерде эс алгың келсе бул жакка кел. Көрүшкөнчө. Кош бол. Кат жаз».

Сенин досуң Илья

 

10-көнүгүү:Сөздөрдү тапкыла:

 

к о н о к
и л и м у
т ь н о б
е г а р а
п а к е т

 

11-көнүгүү:Табышмактарды жана жаңылмачтарды окугула:

Тий, тий десе тийбейт. Черик токойго жетти

Тийбе, тийбе десе тиет. Чекесинен тер кетти,

(эрин) Черикти токой тердетти,

Черик терин желдетти.

 

  ОН ҮЧҮНЧҮ - ОН ТӨРТҮНЧҮ САБАК ТРИНАДЦАТЫЙ - ЧЕТЫРНАДЦАТЫЙ УРОК   13–14