Транспорт. Виды транспорта

 

1-көнүгүү:Сүрөт боюнча сөздөрдү колдонуп сүйлөм түзгүлө:

 

    Поезд     Темир жол вокзалы+нан жөнөйт
  Самолёт   Аэропорт+тон учат
        Машина     Автобекет+тен жөнөйт
      Автобус  
  Такси  

2-көнүгүү:Унаалардынаттарынтууражазгылажанасүйлөмтүзгүлө:

 


 

 

 


(мотоцикл, самолёт, кеме, вертолёт, велосипед, ат араба, трактор, поезд, такси, автобус).

 

3-көнүгүү:Төмөнкү сүрөттөрдү карап, суроолорду түзгүлө жана аларга жооп бергиле:

почта дүкөн парк жумуш

 

 


 

 


4-көнүгүү:Сүйлөмдөрдөгүбарышжаначыгышжөндөмөлөрдүнмүчөлөрүнтаап, астынсызгыла:

1) Эртең мен досума жолугам.

2) Сергейден кат келдиби?

Ооба, бирок сүрөтү жок экен.

3) Тимур инисин мектепке узатты.

4) Сен поезд менен канча күндө Москвадан келдиң?

Мен Москвадан үч күндө келдим.

5) Манты эмнеден жасалат?

Манты этте, пияздан, камырдан жасалат.

6) Биз Алматыдан самолёттон түшүп, атобуска отурдук.

 

5-көнүгүү:Суроолорго жооп бергиле. Барыш жана чыгыш жөндөмөсүнүн астын сызгыла:

 

    Иван кайда кетти? Бишкекке Америкага окууга жумушка шаарга дүкөнгө университетке түнкү клубга     Алина кайдан келди? Бишкектен университеттен китепканадан соода үйүнөн парктан бейтапканадан кинотеатрдан цирктен

 

 

6-көнүгүү:Кашаадагы сөздөрдү колдонуп, суроолорго жооп бергиле:

Кечээ Дима кайда барды?

Азыр Дима кайда бара жатат?

Эртең Дима кайда барат?

(китепкана, ашкана, кинотеатр, парк, университет)

 

7-көнүгүү: Төмөнкү сүйлөмдөрдү мүчөлөр менен толуктап, суроо бергиле:

Үлгү:Чоң апам азыр эле базар____ келди.

– Чоң апа азыр эле базардан келди.

– Чоң апа кайдан келди?

1) Кечээ ал Москва____ келди.

2) Автобекет____ билет сатып алдым.

3) Кечинде мен Айжанды театр____ көрдүм.

4) Биз алар менен Талас____ барабыз.

5) Поезд 15-платформа____ жөнөйт.

6) Университет____ чыгып 152-маршруткага отурасыңар.

 

8-көнүгүү: Эки жактын көптүк -сыңар мүчөсүн коюп, сүйлөмдөрдү бүтүргүлө:

Үлгү: – Конокко кайда бара________?

– Конокко кайда барасыңар?

1) Саякатка ким менен бар_________?

2) Бош убактыңарды кандай өткөр________?

3) Китепканага ким менен бар_________?

4) Нарынга эмне менен кет__________?

5) Билетти кайдан сатып ал__________?

6) Университетке эмнеге түшүп бар_______?

7) Москвада кайда тур_________?

 

9-көнүгүү: Сүйлөмдөрдү толуктагыла:

Үлгү: Мен китепканага барам. Мен китепокуйм.

1) Дүкөнгө барам. Мен .

2) Театрга барабыз. Биз.

3) Сабакка барасыңбы? Сен .

4) Америкага кетем. Мен .

5) Ал Интернетке барат. Ал .

6) Сиз үйгө барасыз. Сиз .

 

10-көнүгүү: Берилген сөздөрдү туура колдонуп диалог түзгүлө:

– Автобус, кечиресиз, бул, барабы, КРСУга?

– Барбайт, жок.

– Автобус, барат, кайсы?

– 38, менимче, барат, автобус.

 

11-көнүгүү: Диалогду уланткыла:

– Кечиресиз, бошсузбу?

– Ооба, отуруңуз.

– Аябай шашып жатам.

 

12-көнүгүү: Диалог түзгүлө:

1) Билет сатуучу менен сатып алуучунун ортосундагы диалогду түзгүлө;

2) Акыркысы ким экенин сурап билгиле;

13-көнүгүү: Текшерүүчү менен жүргүнчүнүн ортосундагы диалогду түзгүлө:

 

 


токто -----------------------→

 

даярдан ---------------------→

 

өт ----------------------------→

 

14-көнүгүү: Төмөнкү сөздөрдү катыштырып аңгеме түзгүлө:

шаар, борбор, солдо, оң жакта, чоң, аялдама, дүкөн, сода борбору, түз, абдан кооз.

 

15-көнүгүү: Текстти окугула жана которгула:

Манас аба майданы

Бишкек шаарында бир чоң аэропорт, эки автобекет жана эки темир жол вокзалы бар. Аэропорттун аты Манас. Манас аэропорту шаардын четинде жайгашкан. Ал жакка такси, маршруттук автобус жана машиналар менен барса болот.

Манас аэропортунан чоң шаарларга ар кайсы рейс боюнча учактар учат. Билетти ар кайсы жерде жайгашкан авиакассалардан сатып алса болот. Аэропортто эс алуучу жайлар, ресторандар, чач-тарач, ашканалар жана жүргүнчүлөр отурган залдар дагы бар. Учак менен саякат жасоо абдан ыңгайлуу жана тез. Жолуңар шыдыр болсун!

 

 

16-көнүгүү: Жаңылмачты окугула жана кайталагыла:

Багыш бадалды аралады,

Багыштын артынан.

Бала бадалды аралады,

Багышка бара алабы?

Багыл бадалды ары аралады,

Багыш бадалына каралады.

Баласына каралаган Багышты,

Бада аралаган бала табалабы?

 

17-көнүгүү: Макал-лакаптар:

1) Жеңил барып оор кел.

Жегениңден ала кел.

2) Жолуң шыдыр, жолдошуң кыдыр болсун.

3) Акырын айтканды түшүнүп ук.

Акыл айтканды көшөрүп ук.


 

  ТОГУЗУНЧУ САБАК ДЕВЯТЫЙ УРОК  

 

Тема: Базарда

На рынке

1-көнүгүү:Жер-жемиштердин аттарын атагыла даамын жазгыла:

Үлгү: Бул алма. Алма таттуу, жашыл түстө.

 

 


 

2-көнүгүү:Сүрөттөгү жемиштердин аттарын туура жазгыла:


 

 

3-көнүгүү:Жатыш жөндөмөсүнүн мүчөсүн коюп жазгыла:

Үлгү: Алма мен___. Алма менде.

1) Жер_____ дарбыз жатат.

2) Ош базар_____ жемиштер арзанбы?

3) Студент_____ зачёттук китеп бар.

4) Бишкек_____ көп базарлар бар.

5) Алма, өрүк, анар дүкөн_____ кымбат.

 

4-көнүгүү:Кашаанын ичиндеги сөздөрдү колдонуп, суроолорго жооп бергиле:

1) Жүзүмдү ким сатат? (сатуучу)

2) Баклажан кайда өсөт? (жер)

3) Дарбыз, коон кайда сатылат? (базар)

4) Бишкекте канча базар бар? (төрт чоң базар)

5) Сен кайсы базарга көп барасың? (Орто-Сай базары)

5-көнүгүү:Сүйлөмдөрдү окуп, тиешелүү сөздөрдүн астын сызгыла:

 


ачуу сүйрү

Алма кызыл Дарбыз тоголок

таттуу бышкан

 


кичине ачуу

Анар кычкыл Пияз кычкыл

чийки сары

 

6-көнүгүү:Суроолорго жооп бериңиз:

Үлгү: – Картошка канчадан?

– 1 кг 15 сомдон.

 

Алмаңыз канчадан?

Арзаныраак бериңизчи?

3 кг картөшкө канча турат?

Дарбыз бышканбы?

1 кап пиязды канчага бересиз?

Нан жумшакпы?

 

7-көнүгүү:Сүрөттөгү жемиштердин баасын сурап сатып алгыла:

Үлгү: – Мага бир кичине дарбыз бериңизчи?

 


 

8-көнүгүү:Төмөнкү сөздөрдү туура жазып сүйлөм түзгүлө:

1) Сиз, көрөсүзбү, жакшы, кара өрүктү?

2) Малина, мага, бериңизчи, 3 кг.

3) Турат, бадыраң, канча?

4) Алма, жагабы, сага?

5) Эмне, базарда, сатылат?

9-көнүгүү:Текстти окугула, сын атоочтордун астын сызгыла. Текстке карата суроо түзгүлө:

Базарга саякат

Мурдатан эле Бишкек өзүнүнтүшүмгө мол болуусу менен белгилүү болчу. Бишкекте төрт чоң жашылча-жемиш базарларбар. Ал Ош, Аламүдүн, Дыйкан, Орто-Сай жашылча-жемиштер сатылуучу базарлар. Базарларчоңдугу, байлыгы менен бири-биринен өтөт. Ош базары абдан ыңгайлуу, себеби ал шаардын ортосунда жайгашкан.Бишкекте жемиш базарларынан башка дагы кийим сатуучубазарлар көп. Ал «Дордой», жарманкерлер,«Орто Сай» базарлары.Биздин базарларга кош келиңиздер!

 

10-көнүгүү:Жаңылмачты окугула:

Белесте беш кашка кой,

Бешөө беш башка кой.

 

11-көнүгүү:Макал-лакаптарды окугула, которгула.

Жүз сомуң болгуча, Досуң миң болсо да аз,

Жүз досуң болсун. Душманың бирөө болсо да көп.

 

Соодада достук жок.

 


 

  ОНУНЧУ жана ОН БИРИНЧИ САБАК ДЕСЯТЫЙ и ОДИННАДЦАТЫЙ УРОК   10–11

 

 

Тема: Азык-түлүк. Соода борборлор.

Продовольственный магазин. Торговые дома.

 

1-көнүгүү:Төмөнкү сан атоочторду жазма түрүндө бергиле:

 

1 – бир 10 – 100 –
2 – 20 – 200 –
3 – 30 – 300 –
4 – 40 – 400 –
5 – 50 – 500 –
6 – 60 – 600 –
7 – 70 – 700 –
8 – 80 – 800 –
9 – 90 – 900 –

 

2-көнүгүү:Үлгүнү карап, суроолорго жооп бергиле:

Үлгү: Бул момпосуй канча турат?

Бул момпойсуйдун 1 кг 120 сом.

 

– Бул тамеки канча турат?

– Май канча турат?

– Ширенин кутусу канча турат?

– «Султан» кесмеси канча турат?

– «Балтика» пивосу канчадан?

– Эки кг. эттин баасы канча болду?

 

3-көнүгүү:Төмөнкү сандарды иреттик сандарга айландыргыла:

Үлгү: Жыйырма беш – жыйырма бешинчи

алты – он жети –

токсон – кырк үч –

алтымыш жети – жетимиш жети –

отуз эки – он эки –

сексен тогуз – жыйырма –

жыйырма бир – элүү төрт –

4-көнүгүү:Төмөнкүбаалардыжазматүрүндөжазгыла:

Үлгү: 2 сом 50 тыйын – эки сом элүү тыйын

65 сом 80 тыйын –

9 сом 45 тыйын –

3 сом 10 тыйын –

6 сом 80 тыйын –

78 сом 20 тыйын –

1 сом 50 тыйын –

4 сом 00 тыйын –

11 сом 30 тыйын –

 

5-көнүгүү:Төмөнкүлөрдү түгөйүңөр менен иштегиле:

1 кг эт

кант

күрүч КАНЧА ТУРАТ?

май

кесме

1 куту тамеки

ширеңке КАНЧА ТУРАТ?

сагыз

самын

быштак

1 бөтөлкө сүт

шире КАНЧА ТУРАТ?

суу

айран

пиво

1 штук жумуртка

лимон

нан КАНЧА ТУРАТ?

шоколад

 

 

6-көнүгүү:Төмөнкү сөздөр менен сүйлөм түзгүлө:

кездеме –

суу –

тамеки –

кофе –

чай –

жумуртка –

нан –

туз –

шоколад –

ун –

кант –

тоок –

күрүч –

балык –

 

7-көнүгүү:Сүйлөмдөрдөгү барыш жөндөмөсүндө турган ат атоочторду тапкыла жана сүйлөмдөрдү которгула:

1) Мага тооктун этинен тартып бериңиз?

2) Сизге жардам керекпи?

3) Ага майы жок этинен тартып бериңиз.

4) Силерге кайсы дүкөн жакты?

5) Сага семиз эт жагабы?

6) Аларга кант, күрүч, туз сатып бериңиз.

 

8-көнүгүү:Үлгү боюнча иштегиле:

Үлгү: – Бул дүкөнбү? – Ооба, бул дүкөн.

– Жок, бул дүкөн эмес.

1) Дүкөндө сүт сатылабы?

2) Дүкөн үйүңдүн жанындабы?

3) Бул дүкөн чоңбу?

4) Бул дүкөндө эт, сүт бөлүмдөрү барбы?

5) Бул шаарда соода павильондор көппү?

6) Дүкөндөр жекшемби күнү ачык болобу?

 

9-көнүгүү:Сүрөттөрдү карап, үлгү боюнча иштегиле:

Үлгү: – Мага уйдун этинен тартып бериңизчи?

– Сизге майлуу эттен тартып берейинби?

– Ооба, мага майлуу эттен 3 кг тартып бериңиз.

– Мына, алыңыз. Сизден 480 сом.

 

      эмненин эти?    
     

 

10-көнүгүү:Төмөнкү сүрөт боюнча иштегиле:

Нан бөлүмүндө

 

1 нан

жарым нан

2 кг сухарь БЕРИҢИЗЧИ?

1 кг бублик

таттуу нанмейиз менен

3 кг ун

 

 

Гастроном бөлүмүндө

 

500 гр сыр

1 кг колбаса тартып бериңизчи?

2 банка консерва

1 кг май

 

 

Киоскто

 

      1 куту тамеки   2 бөтөлкө шарап     1 куту сагыз     көрсөтүп коюуңузчу?

 

11-көнүгүү:Диалогду уланткыла:

– Кечиресиз, жакын жерде азык-түлүк дүкөнү барбы?

– Ооба, ал дүкөн жакын жерде.

– Ал дүкөнгө жөө барса болобу?

 

12-көнүгүү:Сүйлөмдөргө суроо бергиле:

 

1) – Бул нан жаңыбы? – Ооба, бул нан абдан жаңы.

2) – – Ооба, бул шире таттуу.

3) – – Ооба, бул печенье жумшак.

4) – – Ооба, бул пиво арзан.

 

13-көнүгүү:Суроолорго жооп бергиле:

 

1) – Кечиресиз, «Народный» дүкөнү кайсы жерде?

Дүкөн базардын жанында.

2) – Кечиресиз, бул соода борбору саат канчага чейин иштейт?

3) - Кечиресиз, бул азык-түлүк дүкөнүндө азык-түлүктөр дайыма жаңыбы?

4) – Кечиресиз, бул өнөр-жай дүкөнүндө товарлар кайдан келген?

5) – Кечиресиз, жакын жерде кандай дүкөн бар?

 

14-көнүгүү:Кашаанын ичиндеги сөздөрдү килограмм жана литрге бөлүп жазгыла:

ун сүт

1 кг 1 литр

 

(май, кумшекер, туз, каймак, күрүч, кесме, кымыз, колбаса, айран, эт, сыр)

 

15-көнүгүү:Үлгү боюнча суроого жооп бергиле:

Үлгү: – Сиз эмне аласыз?

– Мага майы жок койдун этинен 2 кг тартып бериңиз?

Азык-түлүк дүкөнүндө

Нан бөлүмү Бакалея бөлүмү Сүт бөлүмү Эт бөлүмү
бөлкө тандыр нан булочка лепёшка батон         ун күрүч кант кесме кумшекер айран быштак сүт сары май суу май тоң май сыр   койдун эти уйдун эти чочконун эти жылкынын эти тооктун эти балык

 

16-көнүгүү:Суроолорго жооп бергиле:

1) – Нан бөлүмүндө эмнелер сатылат?

2) – Бакалея бөлүмүндө эмнелер сатылат?

3) – Сүт бөлүмүндө эмнелер сатылат?

4) – Эт бөлүмүндө эмнелер сатылат?

 

17-көнүгүү:Текстти окуп суроолорго жооп бергиле. Сын атоочтордун астын сызгыла:

Азык-түлүк дүкөндөр

Шаарда азык-түлүк дүкөндөр абдан көп. Алардын ичине кирсең, биринен бири өтүп товарларга бай. Акчаң болсо, эмнени кааласаң сатып аласың. Ошондой эле шаарда менчик азык-түлүк дүкөндөр көп. Товарлардын кызыл-тасыл түстөрү көздүн жоосун алат.

Сөздүк:

таңгал – удивляться

кызыл-тазыл – разноцветный

кооздоп турат – украшает

арасында – среди них

менчик дүкөндөр – частные магазины

ичине кирсең – если войдёшь

биринен-бири өтүп – один лучше другого

товарларга бай – богата товарами

акчаң болсо – если есть деньги

эмненикааласаң–чтопожелаешь

 

Суроолор:

1) Көчөлөрдү эмне кооздойт?

2) Шаарда кандай дүкөндөр бар?

 

18-көнүгүү:Кийимдердин аттарын тапкыла, сүрөттүн тушуна үлгү боюнча жазгыла жана туура окугула:

 


 

 


 

 


 

 


 


 

 

 


 

19-көнүгүү:Табыш жөндөмөсүнүн мүчөсүн колдонуп, үлгүдөгүдөй иштегиле:

Үлгү: Тигил калпакты көрсөтүп коюңузчу


 


 


 


 

 

 

 


 

 

20-көнүгүү:Төмөнкү таблицаны толтургула.

 

  Тамактар Ичкиликтер Эркектер кийими Аялдар кийими Бут кийими Галантерея
Кесме ü          
Көйнөк     ü      
Байпак            
Өтүк            
Шым            
Кофта            
Юбка            
Эт            
Арак            
Саат            
Куртка            

 

21-көнүгүү:Буюмдарды үлгүдөгүдөй сурагыла:

Үлгү: – Мага бул костюм жарашат бекен?

– Ооба, жакшы жарашат экен.

– Жок, жарашпайт экен.

 

22-көнүгүү:Табыш жөндөмөнүн мүчөсүн колдонуп, суроолорго жооп бергиле:

 

    Эмнени көрсөтөйүн?     Кызыл көйнөктү Ак кофта Күрөң пальто Булгаары пальто Көк калпак Сары туфли     көрсөтүп коюңузчу?  

 

23-көнүгүү:Тапшырманы окуп диалог түзгүлө:

1) Дүкөнчүдөн бул буюмдарды көрсөтүүсүн сураңыз

Үлгү: – Тигил куртканы көрсөтүп коюңузчу?

– Бул куртканыбы?

– Ооба, ошол куртканы.

 

2) Дүкөнчүдөн бул буюмдарды тар же чак болгонун айтып, башкасын сураңыз.

Үлгү: – Бул өтүк мага чоң экен. Бир размер кичине бериңизчи.

 

3) Дүкөнчүгө бул буюмдардын өңү жарашат же жарашпай турганын айткыла:

 

 

24-көнүгүү:Текстти окуп, которгула жана суроо түзгүлө: